Россия Иранга АКШ санкцияларын четтеп өтүүгө жардам берет

380
0

Россия Иранга АКШ санкцияларын четтеп өтүүгө жардам берет

Россия Иранга Америка санкцияларын четтеп өтүү механизмин түзүүгө жардам берет. Бул тууралуу “Mako.co.il” басылмасы (Израиль) тышкы иштер министрлигиндеги жашыруун документке таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, Иран өз нефтисин Каспий деңизи аркылуу Россиянын нефтини кайрадан иштетүүчү заводдоруна жеткирип берет. Ошондон кийин нефть эл аралык базарда Россиянын продукциясы катары сатыла баштайт.

Кабарда келишинче, мындай план Россия, Иран жана Түркия ортосунда Тегеранда болуп өткөн үч тараптуу саммитте макулданган.

Мындан тышкары, Европа да бул механизмдин ишке ашуусуна каршы болбойт. Ушундай көрүнүштө, Европа мамлекеттери Ирандын ядролук келишимден баш тартуусун каалабай жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here