Россия АКШнын Сириядагы “террорчу”ларды Афганистанга алып өтүшүнөн тынчсызданууда

288
0

Россия АКШнын Сириядагы “террорчу”ларды Афганистанга алып өтүшүнөн тынчсызданууда

РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Сирия жана Иракта жүз берген кризистер Афганистанда кайталанышынан эскертти. Анын билдиришинче, Вашингтон жана анын айрым союздаштары “террорчу” топторду Сирия жана Ирактан Афганистанга алып өтүшү олуттуу коркунучтарга себеп болушу мүмкүн. Патрушев бул тууралуу бейшемби күнү Тегеранда Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Шамхани менен жолугушуусу учурунда айтты.

“АКШ жана анын айрым союздаштары террорчу топторду Сирия жана Ирактан Афганистанга алып өтүшү себептүү регион коркунуч астында калышы мүмкүн”, – деди Патрушев.

“АКШ админстрациясы региондо өз максаттарына жетүү үчүн терроризмден курал катары пайдаланууда. Ал коопсуздук жана туруктуулук кайрадан орношунун алдын алууга умтулууда”, – деп кошумчалады Патрушев.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да жума күнү уюштурулган маалымат жыйынында ушул маселеге токтолду. Сергей Лавров Идлибден чыгарылып жаткан оппозициялык согушкер топтор жөнүндө сөз кылып: “Алардын Афганистан сыяктуу согуш болуп жаткан башка чекиттерге жөнөтүлүшү боюнча шек-күмөндөр бар. Мындай аракеттерди таптакыр кабыл алууга болбойт, террорчулар жок кылынышы керек”, – деди.

Россия президентинин Афганистан боюнча өкүлү Замир Кабулов болсо, “arabic.rt.com” маалымат агенттигине берген интервьюсунда, Сириядан миңдеген согушкерлер Афганистанга өтүп жаткандыгын билдирди. Кабуловдун айтымында, бул аракет Борбор Азияда туруксуздук пайда кылуу максатында ишке ашырылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here