Индия АКШнын басымына карабастан, Россиядан С-400 сатып алат

388
0

Индия АКШнын басымына карабастан, Россиядан С-400 сатып алат

“Russia Today” “Desence News”ге шилтеме берип: “Индия өкмөтү АКШнын басымына карабастан, Россиядан С-400 сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алды”, – деп жазды. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

Кабарда келишинче, Индия бул чечими тууралуу АКШны буга чейин эскерткен. Россия менен Индиянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимге Владимир Путиндин 4-5- октябрь күндөрү Индияга боло турган сапарында кол коюлат.

“Россия президентинин сапарына бир апта калганда Индия өкмөтү Россиядан, жалпы баасы 5,43 миллиард доллар болгон беш даана С-400 зениттик ракета комплексин сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алган”, – деп айтылат “Defense News” кабарында.

Россия менен Индия ортосунда С-400 ракета комплексин сатып алуу жөнүндөгү келишимге алгач 2016-жылы кол коюлган. Россияга карата АКШ санкциялары киргизилген соң, АКШ Индия өкмөтүнө түрдүү жолдор менен басым өткөрө баштаган.

Мындан тышкары, Путиндин сапарынын  алкагында Россиядан жалпы баасы 2,2 миллиард доллар  болгон эки даана 1135-долбоорундагы аскерий кеме сатып алуу жөнүндө жарыя кылынышы күтүлүүдө.

О.э. Путиндин сапарынын алкагында Индияда автомат “Калашников”дун эң жаңы үлгүсү “АК-103”тү лицензия негизинде иштеп чыгаруу келишимине кол коюлушу да күтүлүүдө .

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here