АКШ Россияны деңизде чектеп коюшу мүмкүн
АКШнын ички иштер министри Райан Зинке, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө нефти продукцияларын жеткирип беришин чектөө максатында Россияны деңизде чектеп коюушу мүмкүндүгүн билдирди.
“Биз, аскерий деңиз флотубуздун мүмкүнчүлүгүнө таянган абалда, деңиз жолдорунун ачыктыгын кепилдешибиз мүмкүн. Керек болгон учурда, Россиянын энергия булактары базарга жетип барышын чектөө максатында, жолдорду жаап коюшубуз мүмкүн”, – деди Зинке.
Россия Мамлекеттик Думасы жана Федерациялык жыйынында Зинкенин ушул билдирүүсү кескин караланды. Алардын билдиришинче, мындай билдирүү таратуу, эл аралык укуктук нормаларга ылайык, согуш жарыя кылууга барабар о.э. бул билдирүү Россиянын Жакынкы Чыгышта таасири күчөп бара жаткандыгына ишара кылат.
Белгилүү болгондой, АКШ Европада “Түндүк агым-2” нефть кууруна кескин каршылык көрсөтүүдө. Алар Европаны Россия газынан пайдалануунун ордуна АКШнын суюлтулган газынан пайдаланууга чакырууда. АКШнын билдиришинче, “Түндүк агым-2” ишке түшсө, Россиянын Европага саясий таасири күчөйт. Россия болсо “Түндүк агым-2” болгону экономикалык гана долбоор экендигин айтып келет.