Мирзиёев: Террорчу уюмдардын КМШ чек араларына көчүп өтүү тенденциясы күчөп жатат

273
0

Мирзиёев: Террорчу уюмдардын КМШ чек араларына көчүп өтүү тенденциясы күчөп жатат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: “КМШга мүчө өлкөлөр терроризм коркунучун өз убагында жана натыйжалуу кайтаруу үчүн өз ара келишилген, алдын ала сокку берүүгө каратылган аракеттерге даяр турушу керек”, – деп эсептейт. Бул тууралуу “kun.uz” кабарлады.

Мирзиёев Душанбе шаарында КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, бүгүнкү террордук түзүлүштөр өтө чоң финансылык ресурстарга, эң жаңы маалыматтык технологиялар жана техникаларга ээ.

 “Азыркы кезде алардын Жакынкы Чыгыштан Афганистанга, КМШ чек араларына жакын жерлерге көчүп өтүү тенденциясы күчөп жатат. Мамлекеттерибиз терроризм коркунучун өз убагында жана ийгиликтүү кайтаруу үчүн өз ара келишилген, алгач, алдын ала сокку берүүгө каратылган аракеттерге даяр турушу керек”, – деди Мирзиёев.

Анын айтымында, КМШда жүз берип жаткан коркунучтардын өз убагында алдын алуу үчүн ыкчам маалымат алмашуунун иш жүзүндөгү механизмдери алкагында натыйжалуу кызматташтыкты камсыздаган абалда, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар ишмердүүлүгүн координациялоону күчөтүү маанилүү.

 Өзбекстандын президенти: “Жаштар арасында радикалдашуу проблемасы көңүл борборунда болушу керек. Ушуга байланыштуу, таалим-тарбия, илим-билим, жаш муунду социалдык жактан колдоо, алардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо жана турмушта өз ордун табышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарыл”, – деди.

О.э. анын билдиришинче, Афганистанда уланып жаткан куралдуу кагышуулар КМШга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү үчүн жалпы коркунуч болуп калууда.

Анын айтышынча, КМШ Афганистан проблемасын саясий жол менен тезирээк чечүүгө каратылган эл аралык иш-аракеттерде маанилүү рол ойной алат.

Туркистон:

Борбор Азиядагы өлкө башчылар жана алар кызмат кылып жаткан саясий чөйрө экиге бөлүнүп, башкаруу стратегиялары да эки тарапка бөлүнүп барууда. Россия жана Кытай Борбор Азиядагы кызыкчылыктарды өз таасири астында кармап калуу максатында Афганистан аркылуу террор коркунучун пайда кылып жаткан болсо,экинчи тараптан Америка Афганистан тараптан транзиттик жол ачып, бизди экономикалык жактан колония кылмакчы болууда!

Мирзиёев азыркыга чейин Өзбекстандагы саясий кырдаалды (режимди) өз колуна ала албады. Акыркы кездерде анын долбоор жана сунушу менен жүргүзүлүп жаткан исламий реформаларга (камактагыларды чыгаруу, Куран окуу боюнча мелдеш өткөрүү), коопсуздук кызматы катуу сокку берди. Мирзиёев өз реформасын да, мазлум мусулмандарды да коргой албады. Демек, Өзбекстандагы саясий чөйрө дагы эле коопсуздук кызматынын таасири астында. Мамлекеттик коопсуздук кызматы президенттин таасири астында эмес. Ага президентке караганда Россиянын таасири күчтүүрөөк. Мирзиёев жогоруда, коопсуздук бардык реформалардан маанилүү экендигин о.э. башкаруунун негизи экендигин моюнга алды.

 Демек, Борбор Азиядагы өлкө башчылары Россиянын басымы астында, жасалма коркунучтарга ишенүүгө мажбурланып жатышат. Россия бул жетекчилердин ар бирине болгон мүмкүнчүлүгү менен басым өткөрүүдө!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here