Трамп: ОПEК бүт дүйнөдө талоончулук кылууда

337
0

Трамп: ОПEК бүт дүйнөдө талоончулук кылууда

АКШ президенти Дональд Трамп ОПEК уюмун дүйнөдөгү мамлекеттерде талоончулук кылууда айыптады жана аны нефтинин баасын көтөрүүдөн тыйылууга чакырды.

Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө: “ОПEКке мүчө мамлекеттер адаттагыдай эле дүйнөдөгү башка мамлекеттерди талап-тоноп жатат, мен муну жактырбаймын”, – деди.

“Биз бул мамлекеттердин көпчүлүгүн коргойбуз жана мунун акысына алардан эч нерсе талап кылбайбыз. Алар болсо бизден пайдаланышат жана биз үчүн нефтинин жогорку баасын белгилейт, бул жакшы эмес”, – деп кошумчалады.

АКШ президенти өз талаптарын билдирип: “Биз алардын бааны көтөрүүдөн тыйылышын каалайбыз о.э. алардан бааны төмөндөтүп башташын талап кылабыз. Алар аскерий коргонуу үчүн бүгүнтөн баштап салым кошуусу керек. Биз алардын жогорку бааларды белгилешин карап отура албайбыз”, – деди.

АКШ глобалдык энергия иштеп чыгаруучу ири мамлекетке айлангандыгына ишара кылган Трамп АКШ нефть, көмүр жана газ экспорт кылууга даяр экендигин айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here