Индия Россиядан С-400 ракета комплексин сатып алат

294
0

Индия Россиядан С-400 ракета комплексин сатып алат

 Индия Россиядан жалпы баасы 5,43 миллиард доллардык С-400 зениттик ракета системасын сатып алуу келишимине кол коюуга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Sputnik” кабарлады.

Мындай чечим, премьер-министр Нарендра Моди төрагалыгында өткөн министрлер кабинетинин коопсуздук маселеси боюнча отурумунда кабыл алынган.

Бул нерсе Россия президенти Владимир Путиндин октябрь айынын башында Индияга пландаштырган сапарынын алдында ишке ашырылды.

Индия өкмөтү С-400 системасын сатып алуу боюнча азырынча расмий кабарлай элек.

 Маалымат катары айты кетсек, С-400 “Триумф” системасы алыскы аралыкка болжолдонгон жаңы зениттик ракета системасы болуп, авиация, канаттуу жана баллистикалык ракеталарды о.э. жер бетиндеги объекттерди жок кылууга болжолдонгон. Ракета 400 км аралыкка учат жана 30 км бийиктиктеги буталарды атып түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар.

2016-жылы октябрда Владимир Путин менен Нарендра Моди С-400 ракета системасын жеткирип берүү боюнча келишим түзүшкөн. Кабарларда келишинче, келишимдин баасы алгач 6,5 миллиард доллар болгон.

Индия келишимге кол коюу менен “Триумф” ракета системасын сатып алган үчүнчү мамлекет болт. Буга чейин С-400 ракета системасын Кытай жана Түркия сатып алган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here