Кыргызстандагы мечит имамдары кайрадан аттестациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдирди.
Маалыматка ылайык, октябрь айында бардык имамдар сынак тапшырат. Муфтияттын жаңы уставына ылайык, имамдардын баары диний жана светтик жогорку билимдүү болууга тийиш. Буга чейинки 2016-жылы өткөн аттестацияда имамдардын 92 пайызында светтик билим жок экени аныкталган. Мындан улам Дин комиссиясы муфтият, “Ыйман” фонду менен биргеликте окууларды уюштурган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.
Туркистон:
Кыргызстан бийлиги демократияга негизделген дүйнөлүк куфр системасы негизинде өкүм жүргүзөт. Демек, башкаруу системасы “дин мамлекеттен, саясаттан ажыратылган” деген акыйдага негизделген. Имамдардын светтик билимге ээ болушу эмне үчүн керек болуп калды?
Орто Азия мамлекеттери биригип, Ислам жана мусулмандарга каршы бирдиктүү күрөш стратегясын иштеп чыгышмакчы. Өкмөттүн бул долбоору – Исламга каршы теология негизинде иштелип чыккан багыттагы диний жетекчи топту пайда кылууга багытталган. Башкача айтканда, имамдардын светтик билимдерге ээ болушу же болбосо эми үйрөнүшү – динди дүйнөгө ылайыкташтыруу үчүн керек. Теология илими ушул максатта атайын иштелип чыккан куфр тармагы болуп эсептелет. Т.а. теология Аллахтын өкүмдөрүн акылга салуу, аларды логикалык чечмелөө, шаръий өкүмдөрдү учурга ылайыкташтыруу үчүн акылга салуу сыяктуу шариятка тескери илимий негизге курулган. Демек, бул илимий багыт (теология), имамдарга учурдагы куфр саясатына “шаръий түс” берүү жолдорун үйрөтөт.
Имамдарды аттестациядан өткөрүүдөн көздөлгөн максатка келсек, бийлик коопсуздук күчтөрү аркылуу бардык имамдарды көзөмөлгө алмакчы болууда. Алар имамдарды эки багытта тарбиялап барууну көздөшүүдө. Биринчиси, билим берүү тармагын борборлоштуруу. Башкача айтканда, жогоруда айтылгандай светтик билимдерди үйрөтүү менен аларды шаръий өкүмдөргө ылайыкташтыруу жолдорун үйрөтүү. Бул нерсе теология илими аркылуу ишке ашырылат. Экинчи багыт, имамдарды өкмөткө көз карандылыгын ого бетер күчөтүү. Демек аттестация, имамдарды өкмөттүн башкаруу саясатына берилгендигин аныктоо негизинде жүргүзүлөт. Башкача айтканда, өкмөт менен – кудум Өзбекстандагы айрым имам жана аалымдар сыяктуу – тыгыз кызматташууга ыраазы болгон имамдар изделет. Ыйманы бекем болгон имамдар кызматынан бошотулуп, алардын ордуна жаңы теологдор шайланат.