Эрдоган Кыргызстанды доллардан баш тартууга чакырды
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапарынын алкагында уюштурулган кыргыз-түрк бизнес форумунда сүйлөгөн сөзүндө: “Эл аралык соодадагы долларга көз карандылыкка чек коюу зарыл”, – деди.
Эрдоган Түркия экономикасына доллардын таасири тууралуу сөз кылып, Түркия өз валютасын пайдаланып, Кытай жана Россия менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирип жатканын белгиледи. Ал Кыргызстан менен кызматташтыкта да ушундай мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштады.
Анын айтымында, сооданы жеңилдетүү үчүн түзүлгөн долларга байланган система учурда эң чоң проблемага айланды, соода согушу жана протекционизм көптөгөн тармактарда жаңы стратегиялардан пайдаланууга мажбур кылууда. О.э. ал валюта курстары менен манипуляция кылуудан көздөлгөн максат – күчтүү жана соо-саламат Түркия экономикасына шек-күмөн жаратуу экендигин белгиледи.
Түркия президенти: “Максат – Түркия экономикасына сокку берүү. Бирок, өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар жана түрк элинин бекем позициясы себептүү бул аракет ийгиликтүү болбоду”, – деди.