АКШ Түндүк Атлантика округунда Россияга каршы даярдык көрүүдө

353
0

АКШ Түндүк Атлантика округунда Россияга каршы даярдык көрүүдө

АКШ флотунун командачысы Жон Ричардсон Россиянын күчөп бара жаткан аскерий аракеттерине каршы туруу үчүн АКШнын чыгыш жээгинде жана Түндүк Атлантика деңиз флотунда даярдык көрүлүп жатканын билдирди.

“National Interest” гезитинин америкалык адмиралга таянып кабарлашынча, азыркы учурда Россиянын деңиз астындагы аракеттери Түндүк Атлантика аймагында акыркы 25 жылдагы эң жогорку чегине жеткен.

Гезиттин жазышынча, адмирал Ричардсон биринчи күндөн баштап “согушка даярдык” аракети боюнча АКШ деңиз күчтөрүнө командачы болуп дайындалган.

Ричардсон буга чейин АКШ деңиз күчтөрү акыркы жылдарда Россиянын кибер согушта кубаты күчөп бара жатканына дуушар болуп жатканын билдирген эле.

Адмирал “Голос Америки” радиосуна берген билдирүүсүндө АКШ Россиянын коркутууларына каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон нерселерди белгилеп алышы керектигин баса белгиледи.

“Бул кыйратуучу технология. Иш жүзүндө келечектеги согуштарда маанилүү рол ойнойт. Албетте, биздин бул тармакта да ийгиликке жетерибизге ишенимибиз толук болушу керек”, – деди адмирал.

Адмиралдын айтымында, орус режимдеринин кибер чабуулуна каршы туруу АКШ деңиз күчтөрү үчүн жаңы проблема болуп эсептелет.

“National Interest” гезитинин кабарына таянсак, АКШ деңиз флотунун жетекчиси өткөн май айында жаңы флот түзөрүн жарыя кылган. Анын негизги милдети, Москванын Вашингтон союздаштарынын эсебинен кеңейүү амбициясына каршы туруу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here