Медведев: АКШ санкциялары экономикалык согуш жарыя кылганга барабар

468
0

Медведев: АКШ санкциялары экономикалык согуш жарыя кылганга барабар

РФ премьер-министри Дмитрий Медведевдин билдиришинче, Россияга каршы санкцияларды дагы да бекемдөө экономикалык согуш жарыя кылуу менен бирдей. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 “Мен келечектеги санкциялар тууралуу коментаррий берүүнү каалабаймын, бирок мен бир нерсени айтышым мүмкүн, банктардын ишмердүүлүгүн же валютадан падалануунуну чектөө жүз берсе, муну түздөн-түз экономикалык согуш жарыя кылуу деп атасак болот. Бул согушка экономикалык, саясий жана керек болгон учурда башка ыкмалар менен реакция билдирүү зарыл. Биздин америкалык достор мунун түшүнүүсү керек”, – деди Медведев.

 “Мамлекетибиз акыркы 100 жылдын ичинде туруктуу санкциялар басымы астында жашап келди. Бул эмне үчүн кылынууда? Бул нерсе Россияны эл аралык майдандагы кубаттуу атаандаштар арасынан четтетүү үчүн кылынууда”, – деп кошумчалады Медведев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here