Британиянын коргоо министри: Россия биз үчүн да, бүтүндөй Европа үчүн да коркунуч

487
0

Британиянын коргоо министри: Россия биз үчүн да, бүтүндөй Европа үчүн да коркунуч

Британиянын коргоо министри Гэвин Уильямсон Россия Британияга, Европага жана дүйнөдөгү башка мамлекеттерге коркунуч туудуруп жатканын билдирди.

“2015-жылы бүт дүйнөдөгү абалга назар салганыбызда, “Россия өнүгүп жаткан коркунуч” деп айтар элек. А бирок, кийинки өзгөрүүлөр кандай болушун 100 пайыз айта албайт элек”, – деди Гэвин Уильямсон шейшемби күнү Вашингтондо уюштурулган Атлантика Кеңеши симпозиумунда.

Гэвин Уильямсон кошумчалап: “Билишимче, дүйнөнүн 2015-жылдан бери ашырган тажрыйбасы  анык көрсөтүп тургандай, сөз Британия жана Европага гана келе жаткан коркунуч эле эмес, балким башка мамлекеттерге да келе жаткан коркунуч тууралуу болууда”, – деди.

Британиянын коргоо министри Москваны жашыруун операцияларды, кибер чабуулдарды, саясий фитналарды жана аскерий күч колдонуу ыкмаларын ишке ашырууда айыптады. Анын айтымында, Россия өз кызыкчылыктарын активдештирүү үчүн бүтүндөй аскерий арсеналынан пайдаланууда.

О.э. Россияны Европа аймагында химиялык курал колдонгондукта да айыптады. муну Бул аркылуу Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия уулангандыгына ишара кылды.

Эске сала кетсек, март айында Россиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия Британиянын Солсбери шаарында ууланган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here