Өзбекстан жараны Истамбулдан Ташкентке өткөрүлдү
Өзбекстан жараны Зокир Рахимов коопсуздук кызматкерлери тарабынан колго алынып, өз өлкөсүнө депортация кылынды. Бул жөнүндө Өзбекстан коопсуздук кызматы маалым кылды. Спутник агенттигинин кабарына ылайык, Зокир Рахимов Өзбекстан коопсуздук кызматы өткөргөн операциянын натыйжасында Түркиядан депортация кылынып, Өзбекстанга алынып келди.
“Өткөрүлгөн операциянын натыйжасында эл аралык террорчу уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири, Өзбекстан жараны Зокир Рахимов Түркиядан Өзбекстанга алынып келди”, – делет Өзбекстан коопсуздук кызматы жарыялаган билдирүүдө.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, Рахимов 1994-жылдан бери жихадий уюмдун мүчөсү болгон. 1999-жылы мыйзамсыз жолдор аркылуу Тажикстанга өткөн Рахимов “Түркстан Исламий Кыймылына” кошулуп, Афганистанга өтүп кеткен.
Зокир Рахимовдун депортациясында болгондой, айрым чет элдик разведка органдары Түркияда колго алууну көздөгөн кишилерге карата түрдүү жолдор менен операцияларды уюштурушууда. Мындан мурун “Чечен кол салуулары” катары күн тартибинде келген чеченстандык мусулмандар мыйзамсыз жолдор менен өлтүрүлгөн окуялар катталган.
Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Чеченстан жана башка мамлекеттерден барып, мигрант катары Түркияда башбаана тапкан мусулмандар кээде жогорудагы мамлекеттердин разведка органдары Түркия аймагында өткөргөн түрдүү операциялар аркылуу, кээде Түркия бийлигинин депортациясы себептүү өз өлкөлөрүнө алынып чыгууда.