Абдулазиз Комилов Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерине сунуш менен кайрылды
2018-жылдын 21-июль күнү Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов башчылыгындагы делегация Чолпон-Ата (Кыргызстан) шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер аппараты жетекчилеринин жолугушуусуна катышты.
ТИМдин кабарына ылайык, иш-чара учурунда регион күн тартибинин маанилүү маселелери о.э. Борбор Азияда көп тараптуу кызматташуу механизмдерин дагы да өнүктүрүү боюнча мазмундуу жана деталдуу пикирлер айтылды.
Жыйындын аягында кошмо билдирүү кабыл алынды.
Документте 2019-жылы март айында Ташкентте өтө турган кезектеги Борбор Азия мамлекеттери жетекчилеринин кеңешүү жолугушуусунун маанилүүлүгү өзгөчө баса белгиленген. Мындан тышкары, коопсуздукту камсыздоо, регион мамлекеттеринин соода-экономикалык алакаларын активдештирүү, Борбор Азиянын транзит-транспорттук тармагын кеңейтүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Өзбекстан ТИМ башчысы Абдулазиз Комилов иш-чара катышуучуларын ушул жылдын октябрь айында өткөрүлүшү пландалган Борбор Азия мамлекеттеринин регионалдык экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жогорудагы жолугушуусу региондогу бардык мамлекеттердин достук, кошуначылык, шайкештик жана ишеним салттарына негизделген регионалдык кызматташтыгын дагы да кеңейтүүдөгү жана тереңдетүүдөгү иш-аракеттеринин регионалдык жана табигый уландысы болду, делет кабарда.