Бахром Ашрафхонов Борбор Азия мамлекеттери кандай маселелерди талкууламакчы экенин маалым кылды
Өзбекстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бахром Ашрафхонов регион мамлекеттери маанилүү маселелерди талкуулоосу пландалган бир катар конференциялар өтөрүн маалым кылды.
Дипломатиялык миссия башчысы Кыргызстанда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери мурун келишилген келишимдер кандай аткарылып жатканын талкуулашын билдирди.
“Жыл акырына чейин абдан көптөгөн жолугушуулар пландалган. Мисалы, августта Аралды куткаруу эл аралык фондун негиздеген мамлекеттердин жетекчилеринин саммити өтөт, күзүндө болсо Ташкентте транспорт тармагынын өкүлдөрү, ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол компаниялары чогулушат. Октябрдын акырында биринчи Борбор Азия экономикалык форуму жана регион мамлекеттеринин аналитикалык борборлору форумун өткөрүү пландалган”, – деди элчи.
Элчи бардык жолугушууларда тараптар жалпы маселелерди жана проблемаларды карап чыгышын жана талкуулашын, регион өнүгүүсү үчүн сунуштарды беришин билдирди. Борбор Азия бештиги бул демилгелерди эл аралык майданда – КМШ, ШКУ жана БУУда алга сүрөт.
Мындан тышкары, 2019-жылы жазында Ташкент Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин экинчи кеңешүү жолугушуусун өткөрөт. Жолугушууга регион мамлекеттеринин бардык жетекчилери, Астанадагы сүйлөшүүлөргө бара албаган Түркмөнстан президенти да катышуусу күтүлүүдө.
Туркистон:
Өзбекстан президенти Ш. Мирзияевдин Кытайга жасаган расмий сапары учурунда 105 расмий документке кол коюлду. Кытай жана Өзбекстан ортосундагы экономикалык алака көлөмүн 2020-жылга чейин 23 миллиард долларга жеткирүү пландалды. Мындан тышкары Кытай Өзбекстандын бир нече тармагын, өзгөчө энергетика, нефтини кайра иштетүү, нефть-химия жана айыл чарба тармактарын модернизациялоону сунуштады. 23 миллиарддык алаканын үлкөн бөлүгү Өзбекстанга Кытай инвестициясы катары кирет. Бу болсо, ушул инвестиция т.а. мамлекетке алып кириле турган каражат жана өнөр жай ишканалары иштеп чыгарган продукцияларды реализация кылуу үчүн үлкөн базарларды талап кылат. Демек, Өзбекстан коңшу мамлекеттерди Кытайдын мүмкүнчүлүктөрүнөн биргеликте пайдаланууга кызыктырмакчы.
Астана конференциясы кандайдыр бир аталышта экономикалык уюмга айланган жок. Бирок, алардын артында Кытайдын миллиарддаган инвестициясы турганы анык. Россия албетте бу иш-аракеттерге ыраазы эмес. Анткени, Кыйтай Өзбекстанды экономикалык жактан колдоо менен регионду өзүнө тартууга урунуп жаткан болсо, конференция Казакстанда Назарбаевдин көзөмөлү астында алып барылганы конференция АКШнын саясий көзөмөлүндө экенине далалат кылат. Каримовдун өлүмүнөн кийин Мирзияев андан айырмаланып регион лидерлигине катуу умтулуп жаткан жок. Демек, Казакстан конференцияны жетектөөгө кызыкса Өзбекстан инвестицияга ыңгайлуу чөйрө жаратуу менен маселенин экономикалык тарабына этибар берет. Россия болсо бул конференция үчүн эч кандай пайда сунуштай албайт. Ошондуктан, ал Кыргызстан сыңары алсыз жана бажы союзуна мүчө болгон мамлекетке басым өткөрүүдөн иш баштады. Акыркы кездердеги кыргыз мигранттарына карата болуп жаткан терс мамилелер жогорудагы ишке карата Россия Кыргызстанды эскертип жаткан болушу мүмкүн.
Россиянын Казакстанга карата мамилеси башкачараак болушу күтүлүүдө. Казакстан Россия үчүн кудум Украина сыңары стратегиялык өтө маанилүү мамлекет болуп эсептелет. Ал Россияны Борбор Азия менен байланыштырып турган транзиттик мааниге ээ мамлекет. Бирок, Борбор Азиядагы Россиянын кызыкчылыктары кыскарып, анын ордун Кытай же АКШ ээлеп бара жаткан сайын, Россия Казакстанга аскерий коркунуч туудура баштайт. Борбор Азия Афганистан аркылуу жаңы транзиттик жолду куруу жөнүндө кеңешип жатат. Демек АКШ ушул долбоорду алга сүрүүдө. Бул транзиттик жолдун ачылышы Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын дээрлик жокко чыгарат. Ошондуктан, Казакстан азыртадан баштап өзүнүн түндүктөгү региондору үчүн кабатырлана баштады.
Жыйынтыктап айта турган болсок, Астана конференциясы экономикалык пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок, бул кызыкчылыктар оболу дүйнөлүк лидер, колонизатор жана эл аралык таасирге ээ мамлекеттердин кызычылыгына туура келиши керек. Антпесе, биздин кызыкчылыктарыбыз алар үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Алар пайдасыз калары менен – жада калса региондо согуш чыгарып, миңдеген адамдарды курман кылып болсо да – башка бирөө үчүн пайдалуу болгон шарттарды жокко чыгарууга аракет кылышат! Ошондуктан, үстүбүздө куфр эл аралык системасы турган соң, өзүбүз үчүн пайдалуу болгон эркин кызматташтык же биригүү жөнүндө сүйлөө саясий популизмден башка нерсе эмес!