Тажикстан оппозициячыл тобунун жетекчиси Түркиядан экстрадиция кылынууда

348
0

Тажикстан оппозициячыл тобунун жетекчиси Түркиядан экстрадиция кылынууда

Бир нече жылдан бери Тажикстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Хизби Нахзати Исламийя, “24 оппозиция тобу”, Хизб-ут-Тахрир жамааты террористтик уюмдардын тизмесине киргизилген.

Алардын арасында оппозициялык “24 тобу” бийликке каршы, өзгөчө Эмомали Рахман режимине каршы иш-аракет алып барат. Алар негизинен Европада, Россиянын ири шаарларында нааразылык акцияларын уюштуруп, элди саясий күрөшкө үндөп келишет. Уюмдун башчылары негизинен Түркия өлкөсүнөн башбаана табышкан. Мындан 3 жыл мурун “24 тобунун” жетекчиси Умарали Кувватов Истамбулда үй-бүлөсүнүн көз алдында атып өлтүрүлгөн. Кийинчерээк анын аялына жана 6 перзентине Америка континентинин өлкөсүндө башбаана берилди.

Учурда адам укугун коргогон уюмдар жана “24 тобунун” мүчөлөрү – топтун жетекчиси Сухроб Зафардын Түркиядан Тажикстанга экстрадиция кылынышы тууралуу кабатырланууларды билдиришүүдө. Сухроб Зафар мындан 4 ай мурун Тажикстан күч структурасынын талабына ылайык камакка алынган, эми болсо Түркия ички иштер башкармалыгы аны жана 10 кишини, жалпысынан 11 тажик жаранын өз өлкөсүнө экстрадиция кылууга аракеттенүүдө.

Human Rights Watch уюмунун Орто Азия боюнча өкүлү, укук коргоочу Стив Свердлов ушул жылдын 17-июлунда өзүнүн Твиттер баракчасында мындай билдирүү калтырган: “”We have received worrying reports that #Turkey may be preparing to extradite activist #SuhrobZafar-detained in Istanbul Mar. 2018-to #Tajikistan. If extradited, Zafar very likely to be #tortured & imprisoned for many years». (“Божомолго ылайык жакынкы күндөрдө Түркия бийлиги Сухроб Зафарды Тажикстанга экстрадиция кылат. Сухроб Зафар үстүбүздөгү жылдын март айында Истамбулда колго алынган. Эгер, Зафар Тажикстанга экстрадиция кылынса, ал жерде катуу зулумга жана түрдүү кыйноолорго дуушар болушу анык”).

Этибарлуусу, өткөн аптада Түркиянын Тажикстандагы элчиси Али Рафъат Куксал Дүйшөмбүдө басма сөз жыйынын уюштуруп, Тажикстан менен Түркия ортосундагы алакаларды эң майнаптуу деп баалаган. Элчи сөзүн улантып өзгөчө коопсуздук жаатындагы шериктештикти “эң сонун” деп сыпаттады.

Туркистон:

Кече уйгур бурадарларыбыз кытайлардын колуна тапшырылган эле, андан соң өзбектер өл өлкөсүнө экстрадиция кылына баштады, эми кезек тажиктерге келди.

Президент Эрдоган мурун парламенттик башкаруудагы мамлекетте жогору вазыйпадагы адам катары иштеген болсо, кийин бүткүл бийлик анын колуна өтүп, мамлекет башчысына айланды.

Эрдоган Куръани Каримди тилават кылганына, Куръан аяттарынан цитата келтиргенине бир нече жолу күбө болгонбуз.

Бир жолу Эрдоган колуна Куръан алып: “Биз бардык өкүмдөрдү ушул ыйык Китептен алабыз”, – деп көзүнүн жашын көл кылган.

Кызык, бүгүнкү абалды эмне деп бааласа болот? Эрдоган өзүнүн эки жүздүү саясаты менен кандай пландарды түзүп жатат?

Эрдоган кайсы эрежеге амал кылып мусулман бурадарларыбызды залим режимдердин колуна, фасыктардын, бутпарастардын чеңгелине тапшырып жатат? Мусулмандын каны, малы, кол тийгистиги арам болуп турганда, Эрдоган кайсы китепке таянып бул мусулманды душмандыгы ачык-айкын көрүнүп турган залимдин колуна тапшырып жатат? “Адилет жана өнүгүү” партиясынын адилети ушулбу? Башка мусулман өлкөлөрүнүн башчыларынын зулумуна шерик болуп, кызматташуу – өнүгүү болуп эсептелеби?

Суроолор көп, жоопко да кажет жок! Ошентсе да биз дагы бир жолу Эрдогандын жана анын режиминин тарапкерлерине кайрылабыз.

Эй Эрдоганчылар, бир мусулмандын кол тийгистиги Каъбадан да азиз. Эмнеге Исламдын айрым өкүмдөрү аркылуу бул демократия түзүмүнө жамак салган Түркия режимин алигече колдоп келе жатасыңар?!

Эч бир коом, эч бир дин кыянатты кечирбейт, биз да Түркия режиминин, жетекчилеринин, элчилеринин кыянаттарын унутпайбыз.

Биз, Хизб-ут-Тахрир уюму, ырас тарикатка ылайык келбеген соң, эч кандай оппозициялык топту, анын катарында “24 тобун” да колдоп кубаттабайбыз.

Мусулман катары, кай жерде болбосун, бирер мусулмандын аброю тебеленсе, ага карата адилетсиздик кылынса сүкүт сактап турбайбыз. Биз мусулман бурадарларга карата адилетсиздикке, жырткычтыктарга, зулумдарга каршыбыз.

Расулуллах (с.а.в.) айтат: “Момун – момундун боордошу”.

Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here