Норов: Орто Азия мамлекеттери жалпы өнүгүү концепциясын иштеп чыгышы зарыл

388
0

Норов: Орто Азия мамлекеттери жалпы өнүгүү концепциясын иштеп чыгышы зарыл

«Өзбекстан президентинин тушундагы Стратегиялык жана регионалдык изилдөөлөр институтунун директору Владимир Норов Орто Азия мамлекеттери орто жана узак мөөнөттүү өнүгүүнүн жалпы концепциясын иштеп чыгышы зарыл экенин билдирди» деп кабарлады “Kun.uz”.

Владимир Норов бул жөнүндө Ташкентте БУУ Башкы Ассамблеясынын “Орто Азия регионунда тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү касыздоо боюнча регионалдык жана эл аралык кызматташууну бекемдөө” резолюциясын талкуулоого багышталган тегерек столдо айтып өттү.

“Орто Азия мамлекеттери регионалдык коопсуздукту, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыздоодо анык максат жана вазыйпаларды белгилеп алып орто жана узак мөөнөттүү өнүгүүнүн жалпы концепциясын иштеп чыгышы максатка ылайык болмок. Региондо тынчтык жана жыргалчылык, туруктуулуктун болушу Орто Азия мамлекеттери проблемаларды өзүлөрү көз карандысыз чечүү жөндөмүнө түздөн-түз байланыштуу”, – деди Норов.

Норовдун сөздөрүнө ылайык, БУУ резолюциясы “Орто Азия мамлекеттеринин мамлекеттер ортосундагы мамилелерде жаңы доорго кадам шилтешинин көрүнүшү болду”. Анын пикиринде, бул нерсе региондун гүлдөп өнүгүүсүнө кызмат кылат.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттерибизде туруктуу жана майнаптуу кызматташтык үчүн бардык зарыл шарттар бар”, – деди Норов.

2018-жылы 22-июнда БУУнун жыйынында Башкы Ассамблеянын “Орто Азия регионунда тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыздоо боюнча регионалдык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө” резолюциясы кабыл алынган. Бул документти БУУнун бардык мүчө мамлекеттери бир добуштан колдоп кубаттаган.

Резолюцияда Орто Азияда коопсуздукту бекемдөөгө, ичүүчү суудан майнаптуу жана комплекстүү пайдаланууга, Арал деңизинин соолушуна байланыштуу экологиялык жана социалдык-экономикалык акыбеттерди жөнгө салууга, региондо заманбап транспорт жана транзит структурасын түзүүгө, түрдүү тармактарда эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө этибар берилген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here