
Помпео Трамп менен Путин талкуулаша турган эң маанилүү маселелер тууралуу билдирди
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео “Sky News Arabia” телеканалына берген интервьюсунда, Владимир Путин менен Дональд Трамп жолугушууда биринчи кезекте эмнелер тууралуу сүйлөшө тургандыгын билдирди.
Помпео: “Хельсинки саммитинде Трамп менен Путин сүйлөшүүлөрүндөгү биринчи маселе Сирия жана Украинадагы кырдаал болот”, – деди.
АКШ жана Россиянын жетекчилери Финляндиянын борборунда 16-июлда жолугушат. Кремлден билдиришкендей, президенттер эки тараптуу алакалардын келечеги жана күн тартибиндеги эл аралык маанилүү маселелерди талкуулашат. Бул Путин жана Трамп ортосунда эч кандай саммитке байланыштуу болбогон алгачкы жолугушуу болот.
Сирия проблемасы
Помпео “Sky News Arabia”га берген интервьюсунда: АКШ “россиялыктар, сириялыктар жана ирандыктар тарабынан түзүлгөн саясий келишимдерди ишке ашырылуусун каалайт”, – деди. Анын айтымында, Вашингтондун максаты да Сириянын жаңы конституциясы жана жаңжалды саясий жол менен жөнгө салуу чечимин иштеп чыгуу. О.э. Помпеонун айтымында, Иран жана ага караштуу аскерлер Сириядан чыгып кетиши зарыл. Себеби, алардын Сирияда калышына эч кандай себеп жок.
Мындан тышкары, мамлекеттик катчы Сирияда түштүк аймак боюнча түзүлгөн келишимдердин бузулушунда Россияны айыптап келет. Аталган келишим бир жыл мурда Россия, АКШ жана Иордания тарабынан түзүлгөн. Сирия президенти Башар Асад бул аймактарды куралдуу жол менен бошотууну четке какпастыгын бир нече жолу эскерткен.
Украина проблемасы
Украинанын түштүк-чыгышындагы кагышуулар төрт жылдан бери уланууда. Киев Россиянын колдоосу астындагы жикчил ДНР жана ЛНР ге каршы аскерий операцияларды өткөрүүдө. БУУнун акыркы маалыматтарына ылайык, жогорудагы кагышуулардан 10 миңден ашуун адам зыян тарткан.
Региондо кырдаалды жөнгө салуу маселеси Минскте талкууланган. Ал жерде жаңжалды жөнгө салуу боюнча документтер кабыл алынууда. Бирок, кагышууларды токтотуу боюнча түзүлгөн келишимдерден кийин да тараптар ортосундагы атышуулар уланууда.