Сергей Лавров: Биз АКШнын каршысында алсыз болуп калууга ыраазы болбойбуз

343
0

Сергей Лавров: Биз АКШнын каршысында алсыз болуп калууга ыраазы болбойбуз

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы куралдарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү зарыл экендигин билдирди. Анын айтымында, Россия өкмөтү АКШ каршысында куралсыз, алсыз абалда турушу мүмкүн эмес.

 “2002-жылы президент Владимир Путин АКШнын (ракетадан коргонуу системасы) келишиминен чыгышы ката экендигин айткан эле. Буга жооп иретинде АКШнын ошол кездеги президенти кичүү Буш Американын ракетадан коргонуу системасын курууга муктаждык бар экендигин жана бул Россияга каршы каратылбагандыгын, Иран жана Түндүк Корея сыяктуу башка мамлекеттерге каратылгандыгын билдирген”, – деди Лавров “РТ” каналындагы маегинде.

Лавров: “1972-жылдын май айында АКШ жана Советтер Союзу ракетадан коргонуу системасын чектөө келишимине кол койгон. Бирок, аны ишке ашыруу үчүн белгилүү бир убакыт белгиленген эмес. 2001-жылы Вашингтон келишимден чыга тургандыгын жарыялады. 2002-жылы болсо эки мамлекет ортосундагы ракетадан коргонуу келишими күчүн жоготту”, – деди.

Лавровдун айтышынча, ошондон кийин Россия өз кызыкчылыктарын жана улуттук коопсуздугун коргой ала турган жаңы куралдарды чыгара баштаган.

“АКШ келишимден чыкты. Биз да АКШ куралдарынан үстөм туруучу өзүбүздүн жаңы куралдарыбызды өнүктүрө баштадык. Себеби, биз жаңы курал-жарактар жана стратегиялык ракетадан коргоо системасына ээ болгон АКШ каршысында алсыз болуп калууга эч качан ыраазы болбойбуз. Биз азыркы учурда өзүбүздүн коопсуздугубузду коргоо үчүн аракет кылып жатабыз, башка нерсе үчүн эмес. Биздин башка бирөөлөргө чабуул кылуу ниетибиз жок. А бирок, бизге каратылган ар кандай чабуулдардан өзүбүздү жетиштүү деңгээлде коргоону каалайбыз”, – деди РФ тышкы иштер министри.

Буга чейин президент Владимир Путин түз байланыш учурунда, 1-мартта Федералдык Жыйынга көрсөтүлгөн курал Россиянын ири аскерий державалар менен стратегиялык теңтайлаштыгын камсыздоого кепил болорун билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here