Дин иштери боюнча комиссиянын сунушу

290
0
Kyrgyz Muslims pray in central Bishkek, with a monument of Soviet State founder Vladimir Lenin seen in the background, on June 25, 2017, during celebrations of Eid al-Fitr marking the end of the Muslim fasting month of Ramadan. / AFP PHOTO / Vyacheslav OSELEDKO

Дин иштери боюнча комиссиянын сунушу менен 2008-жылдагы “Кыргыз Республикасындагы  дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө

Кыргызстанда коомдук талкууга алып чыгылган мыйзамга өзгөртүү киргизүү туурасындагы сунуш төмөнкү беренелерди камтыйт.

  1. Диний прозелитизмге чек коюу: Прозелити́зм(грек тилинен προσήλυτος — (« каратылган, өз ордун тапкан”) — башкаларды өз ишенимине каратууга умтулуу, ушундай максатка жетүүгө багытталган ишмердик. Башкача айтканда, динге чакырууга (даъват кылууга) чек коюу!

Алар бул мыйзам аркылуу “силерди жана балдарыңарды миссионер секталардан, диний агымдардан сактап жатабыз” демекчи болушууда. Билип койгула, азыр коомубуз исламдашып барууда о.э. Ислам 1400 жылдан бери бирер кайрыдинден сактануу максатында анын оозун мажбурлап жабууга аракеттенген эмес. Себеби, Ислам илахий дин, ал өзүн өзү коргогондон тышкары, башка дин өкүлдөрүн өз катарына алып кирип, бүгүнкү улуулук абалына чыга алды! Ошондуктан, бул мыйзам Ислам жана мусулмандардан башкаларды коргоо негизинде, куфрду ыраазы кылуу максатында иштелип чыккан! Бул мыйзам диний комиссиянын сунушу жана президенттин ыраазылыгы менен, Аллах фарз кылган даъватка чек коймокчу! Аллах дин душмандарын жүзүн кара кылсын, мурункулар мынчалык паскечтикке батына алышпаган эле!

  1. 16 жашка толо элек балдар мечит, чиркөө жана синагогаларга ата-энелеринин коштоосунда гана барышы шарт:

Өкмөт бул мыйзам аркылуу балдарыбызды чиркөө, синагогадан коргомокчу экендигине басым жасайт. Бирок, алар бизди алдамакчы болушууда! Кыргызстанда канча чиркөө, синагога бар? Ким баласынын чиркөөгө же синагогага качып кеткенинен арызданууда? Миллиондогон балдарыбыз мечит, медресе жана намазканаларга барышууда! Демек, бул мыйзам да Ислам жана мусулмандарга каршы багытталды! Негизи, бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн көздөлгөн максат, жогорудагы эки беренени турмушка ашыруу болчу. Даъватка чек коюу жана балдарыбызды Исламдан тосуу!

“Динде мажбурлоо жок” – бул Аллахтын буйругу болуп, бирер кайрыдинди Исламга киргизүү үчүн аз гана болсо да басым өткөрүү мүмкүн эмес. Демек, башка дин өкүлдөрүн да, алардын балдарын да өз дининдеги ибадаттан тосууга болбойт! Ал тургай, биз мусулмандар өкмөттүн мусулмандарга жакшы көрүнүү максатында кайрыдиндерге зулум кылышын да макулдабайбыз! Себеби, Ислам дини бардык адамзаттын дини болуп, ал керек болсо кайрыдиндер үчүн да бул дүйнөдө бейпилдик алып келет!

  1. Жашы жете элек балдарга диний билим берүүнү чектөө. Т.а. балдарыбыздын диний билим алышын чектөө. Аларга билим бериши мүмкүн болгон илимдүүлөрдүн билим берүү мүмкүнчүлүгүн чектөө!

Бул мыйзам да “диний агымдарга үгүттөө иштеринин алдын алуу максатында иштелип чыкты” деген жалганга негизделген куфр долбоорлорунун бири. Бул өзгөртүү да жаш балдарыбызды бизден тартып алып, аларды куфрга үгүттөгөн Батыш дүйнө карашындагы уюмдардын таасирине таштап коюуну көздөйт!

Мыйзамдын калган беренелери, жогорудагы негиздерден чалгытуу максатында киргизилген экинчи даражалуу сунуштар.

Кыргызстан мусулмандарына кайрылуу!

Боордоштор, бул мыйзам балким иштебестир, бирок ал өтө жаман максаттар менен иштелип чыкты. Өзбекстан, Тажикстан режимдеринин жаш балдарды мечиттен кууп чыгып жатканын көрүп, ал жердеги мусулмандарга боорубуз ооруган эле. Негизи, алар мындай мыйзам кабыл алышпаган эле.

Бул мыйзамдын кабыл алынышы кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүн!

Бул мыйзамды Кыргызстан бийлиги диктатордукка жетишмейинче толук ишке ашыруусу кыйын болот. Демек, бул мыйзам азыр жарандарга көп деле таасирин тийгизбейт. Бирок, режим күчөп барышы менен бул мыйзам коомдо көрүнө баштайт. Же болбосо, тескерисинче бийлик алсырап саясий, экономикалык кризиске жүздөнүп барышында да бул мыйзамды атайылап мусулмандарды өзүнө каршы провокация кылуу максатында иштетиши мүмкүн. Бул аркылуу куфр тарапкери болгон позиция жана оппозиция ортосундагы кагышууну Ислам жана мусулмандар тарапка буруп жиберүүгө, же болбосо кооптуу режим пайда кылып алуу максатында пайдаланышы мүмкүн (Мадумаров Айт майрамына тоскоолдук кылып, Ноокат окуясынан пайдаланганы сыяктуу).

Мындан тышкары, бул мыйзам орган кызматкерлери үчүн кошумча киреше булагына айланып калышы мүмкүн. Бул мыйзам аларга ар бир кармалган баланын ата-энесинен акча талап кылууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. Мындай нерсеге Салянованын “нике мыйзамын” ишке ашырууда күбө болуп жатабыз. Жашы жете электе төрөгөн кыздардын ата-энесине басым өткөрүп, пара алып жатышканына күбө болуп жатабыз. Т.а. нике туурасындагы мыйзам коомго да, мамлекетке да эч кандай пайда келтирбеди го.  Тескерисинче, орган кызматкерлери менен мусулмандар ортосундагы келишпестик күчөшүнө себеп болууда. Жогорудагы мыйзам да ушул сыяктуу эле абалдарга алып барат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here