
НАТОдогулар Трамп-Путин жолугушуусунан тынчсызданууда
11-12-июль күндөрү Брюсселде болуп өтүүчү НАТО саммитинин катышуучулары Хельсинкидеги Россия-Америка сүйлөшүүлөрү Европа коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүнөн тынчсызданууда. Бул тууралуу “The Sunday Telegraph” кабарлаган.
Кабарда келишинче, Түндүк Атлантикалык альянстын катышууга даярданып жаткан жогорку даражалуу чиновниктер АКШ президенти Дональд Трамп РФ президенти Владимир Путин менен “Европадагы коопсуздук ландшафтын кайрадан калыптандыруу” боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоосунан тынчсызданышууда, буга НАТОго мүчө өлкөлөрдүн “Трамптын коргонуу тармагындагы чыгымдарды көбөйтүү туурасындагы талаптарын аткаруудан баш тартуусу” себеп болушу мүмкүн.
Эгерде Британия жана Европанын башка өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүү милдеттенмесин моюнга албаса, Дональд Трамп АКШ аскерлерин Украинадан алып чыгуу жана НАТОнун биргелешкен машыгууларында Американын аралашуусунан баш тартуу менен коркутушу мүмкүн.
Туркистон: АКШ Россиянын агрессивдүү саясатынан Евробиримдикке каршы пайдаланмакчы. Алгач, АКШ БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүгүн токтотту. Андан соң, НАТОдон да чыгып кетиши мүмкүн экендигин жарыя кылып, ушул аркылуу Евробиримдикке басым өткөрмөкчү болду. Ушул күндөрдө Россия президенти менен жолугушуу АКШнын сунушу менен болуп жатканы да жогорудагы басымдарга кошумча болду.
АКШ Евробиримдиктин өзүнө көзкарандылыгын күчөтүп, аны Россиядан сактап турушу мүмкүн болгон жападан-жалгыз күч АКШ экендигине ынандырмакчы болууда. Себеби, НАТО негизи АКШнын аскерий блогу экендиги баарыбызга белгилүү. “Россияны Украинаны басып алуудан НАТО гана тосуп турат” деген жетекчи пикир үстөм. Ошондуктан, АКШ Евробиримдикти НАТОнун материалдык чыгымдарын көтөрүүдө көбүрөөк салым кошууга мажбурламакчы болууда.
Бирок, акыркы кезде Россиянын Азиядагы мамлекеттерге карай бурула баштаганы АКШны тынчсыздандырууда. Путин Кытай жана Япония сыяктуу өнөржайы өнүккөн мамлекеттердин инвестицияларына эшиктерин ачууга убада берди. Т.а. Россия экономикалык колонияга айланышы мүмкүн болгон эшигин ачты. Ошондон кийин, АКШ “Россияны “G7” уюмуна кайрадан кошуу керек” деген демилгени көтөрдү. Эми Путин менен расмий жолугушуу белгилеп, мурда Сирия маселесинде шерик кылганы сыяктуу эле, дагы кайрадан алдоого аракет кылып көрмөкчү. Жогорудагы билдирүү болсо Евробиримдиктин жаңы позициясы. Алар Путин-Трамп сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасына жана андан кийинки АКШнын стратегиясына карай өзгөрүп кетиши да мүмкүн.