Улугхожаев: Афганистандан түздөн-түз куралдуу чабуул коркунучу жок
Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз катчысы майор Мухаммад Улугхожаев билдиргендей, Тажикстан Кабулдун көзмөлүндө болбогон куралдуу топтордун чек арага жакын аймакта активдешүүсүн олуттуу күзөтүүдө жана чек араны бекемдөө үчүн бир топ иштер аткарылууда. Бул тууралуу “Азия-Плюс” кабарлаган.
Ал ошондой эле, Тажикстанга түздөн-түз куралдуу чабуул коркунучу жок экендигин баса белгилеген.
“Биз Афганистан менен чек арабыздагы кырдаалды күзөтүп турабыз. Бул айрыкча, “Талибан”, “ИШИМ” сыяктуу экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык куралдуу адамдар топтолуп жатканы катталган багыттарда ишке ашырылууда”, – деди Улугхожаев.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө борбордон чек арага кошумча күчтөрдү, курал-жарак жана техниканы көчүрүүгө муктаждык жок.
Ал: “Тажикстан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүү аракеттерин токтотуу үчүн чек ара аймагында жайгашкан күчтөр жана каражаттар жетиштүү”, – деди.