Кыргызстан менен Өзбекстан коргоо министрликтери ортосунда аскерий кызматташтык планына кол коюлду

309
0

Кыргызстан менен Өзбекстан коргоо министрликтери ортосунда аскерий кызматташтык планына кол коюлду

12-июнда Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы генерал-майор Райымберди Дуйшөнбиев баштаган делегацияны кабыл алган. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары кабарлашты.

 Кабарда келишинче, жолугушуунун жүрүшүндө коргонуу тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги талкууланып, аскерий багытта байланыштарды бекемдөө боюнча пикир алмашуу болгон. Мындан тышкары, тараптар Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоо маанилүү маселе экендигин баса белгилешкен.

Коргоо министри Азизов, Кыргызстан президентинин 2017-жылдын сентябрь жана декабрь айларындагы Өзбекстанга расмий сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү окуя болуп калгандыгын айтып өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн коргоо министрликтери ортосундагы кызматташтык планына кол коюлду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here