Сооронбай Жээнбеков КЭРдин жетекчиси Си Цзиньпин менен жолугушту
КР президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен барган Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан.
Жолугушуу учурунда президент Жээнбеков биринчи мамлекеттик сапары Кытайга болуп жаткандыгынан кубанычта экендигин айткан. Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташтык жаңы тарыхий баскычка көтөрүлүп жатканы айтылган.
Сооронбай Жээнбеков башчылыгындагы делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, вице-премьер Замирбек Аскаров, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Усенов, Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Керезбеков, Адыл Жунус уулу, Исхак Масалиев, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Нурматовдор, экономика министри Олег Панкратов, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров, каржы министри Адылбек Касымалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскуловдор бар.
Кабарда айтылышынча, Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпиндин чакыруусуна ылайык 6-8-июнь күндөрү Кытайда мамлекеттик сапар менен болот. Бул сапардын алкагында Жээнбеков Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Бүткүл Кытай жыйынынын Туруктуу комитетинин Ли Чжаншу менен жолугушат. Ал эми, 9-10- июнь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Циндао шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат.