Трамп Россия “Чоң жети”ге кайтаруунун тарапкери

271
0

Трамп Россия Чоң жети”ге кайтаруунун тарапкери

АКШ президенти Дональд Трамп Россияны кайрадан «Чоң сегиздик» курамына кошууга чакырды. Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлады.

 “Силерге жагабы же жокпу, бул саясий жактан да адепсиздик болуп эсептелиши мүмкүн. Ал эми биз дүйнөнү башкарышыбыз керек. Учурда G7 бар, мурда G8 эле. Андан Россия чыгарылган эле, эми кайра кошулушу керек. Бизге бул мамлекет сүйлөшүүлөр столунда болгону жакшы”, – деген АКШ президенти журналисттерге.

Учурда “Чоң жети”нин курамында  Германия, АКШ, Канада, Япония, Франция, Британия жана Италия мамлекеттери бар.

Россия аталган уюмга 2002-жылдан 2014-жылга чейин мүчө болуп, 2014-жылы Крымды аннексия кылып алгандан кийин уюмдан чыгарылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here