Яхудий аскери жарадарларга жардам берип жаткан мед айымды атып өлтүрдү

498
0

Яхудий аскери жарадарларга жардам берип жаткан мед айымды атып өлтүрдү

Палестинанын Хан Юнус аймагында кызмат кылып жаткан волонтер мед айым Разан Нажжар жарадарларга жардам берип жаткан учурда яхудий аскерлери тарабынан атып өлтүрүлдү. Аны яхудий снайпери атып өлтүргөндүгү аныкталды.

Палестиналык 24 жаштагы мед айым кыз Разан Нажжар Куддусту коргоо жараянында яхудий аскерлери аткан октон жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө кызмат кылып жүргөн эле. Палестина саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы маалымат катчысы Ашраф ал-Кудра жазма билдирүүсүндө, волонтер медайым Нажжарды яхудий аскерлери Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында атып өлтүргөндүгүн кабарлады.

Палестиналык мусулмандар яхудий баскынына каршы Газа жээгинде өткөрүп жаткан куралсыз, тынч демонстрациянын онунчу аптасы уланууда. Яхудий аскерлери куралсыз нааразылык акциясын өткөрүп жаткан мусулмандарга каршы курал менен чабуул кылууда. Яхудий аскерлеринин чабуулдары себептүү миңдеген мусулман жарадар болуп, 110дон ашуун мусулман каза болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here