Европа соода комиссиясы Вашингтонду Европага басым өткөргөндүктө айыптады

377
0

Европа соода комиссиясы Вашингтонду Европага басым өткөргөндүктө айыптады

Европа Союзунун соода маселелери боюнча комиссары Cеcилия Мальмстрём АКШ Европага басым өткөрүүгө урунуп жаткандыгын айтты. Мальмстрём бул тууралуу жума күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.

 “АКШ экспортту азайтуу үчүн бизге басым өткөрүүгө аракеттенүүдө. А бирок, биз бул коркутууну эч качан кабыл албайбыз”,“Европа Союзу бириккен союз жана ар кандай коркунучка каршы биримдигин сактап кала берет”, – деди Вашингтондун болот жана алюминийге карата чектөөлөрдү киргизгенине ишара кылган комиссар Мальмстрём.

“Биз согуштан кийин АКШ менен уюм түзүү жана тынчтык орнотуу боюнча иш алып бардык. Ал эми бүгүнкү күнгө келип, айрыкча, Иранга экономикалык санкцияларды колдонуу жана биздин экспортторубузга салыктарды көтөрүү жаатында токтом кабыл алынгандан кийин мамилебиз начарлап барууда”, “Европа Союзу Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине баш ийип келет. Эгерде бардык тараптар Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине баш ийбесе, бул маселени чечүү үчүн мыйзам аралашуусу керек болот”, – деп кошумчалады комиссар.

О.э. анын баса белгилешинче, келечекте АКШнын автомобилдерге жана кемелерге кошумча салыктарды салышы Европа Союзун тынчсыздандырууда.

“Кошмо Штаттарга алюминий жана    болот  экспорт кылуучу мамлекеттер үчүн да бажы салыгы көтөрүлөт. Ошондуктан, мен бардык мамлекеттерди Дүйнөлүк соода уюмуна карата мамилелерин билдирүүгө чакырамын”, – деди.

АКШ президенти Дональд Трамп март айынын башында импорт салыктары болот үчүн 25% жана алюминий үчүн 10%га көтөрүлгөндүгүн жарыя кылган. О.э. Европадан АКШга алынып келине турган автомобилдерге да кошумча салыктарды киргизген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here