Бааларды белгилеп коюу дыйкандарга сокку болууда
Жай мезгили кирип келе жаткандыктан, адаттагыдай эле Өзбекстанда түрдүү мөмө-жемиштер бышып жетиле башташын жакшы билебиз. Бирок, дыйкандар эч кандай ГМО аралашпаган мөмө-жемиштерин сата албай чыгымга дуушар болушууда. Себеби, «Узагроэкспорт» ишканасы дыйкандардын продукцияларын чет өлкөгө сатууга мажбурий кымбат бааларды белгилеп койгон. Мисалы, базарда эң жакшы гиластын баасы 18 миң сом (өзбек сому) болсо, «Узагроэкспорт» анын дүң баасын 32 миң сом (өзбек сому) деп белгилеп койгон.
Андижандык дыйкандын айтымында, анын кызара элек помидору үчүн килограммына 4 миң сомдон кардар келген. 4 миң сом дыйкан үчүн өтө жакшы баа. Ал дыйкан помидорун аталган баага сатууну канчалык кааласа да, сата албаган. Себеби, «Узагроэкспорт» чет өлкөгө сатылуучу помидордун килограммына 8 миң сомдун тегерегинде баа белгилеп койгон.
Дыйкандар буга катуу нааразы. Себеби, алар белгиленген баа өтө кымбат болгондугу себептүү мөмө-жемиштерин сата албай жатышат. Натыжада дыйкандар маңдай тери менен тапкан түшүмүн таштандыга таштоого мажбур болушууда. Көпчүлүк дыйкандар түшүмүн кошумча чыгым кылып муздаткычта сактоону же таштандыга таштоону билбей баштары катып турган чагы. Чиновниктер болсо баа ички жана тышкы базарды үйрөнүп чыккандан кийин гана белгиленгендигин айтышууда.
Туркистон:
Шариат өкүмү боюнча мамлекетин же бирер уюм “коомдун кызыкчылыктарын коргоо” шылтоосу менен бааны белгилеп коюшуна тыюу салынат. Себеби, ар бир адам өз мүлкүнө ээ болуп, аны каалаган баада сатууга укуктуу.
Ислам баа белгилеп коюуну арам кылган. Ахмад Анас р.а.дан риваят кылат:
«غَلَا السِّعْرُ عَلَى عَهْدِ رَسُولِ اللَّهِ فَقَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ لَوْسَعَّرْتَ. فَقَالَ: إِنَّ اللَّهَ هُوَ الْخَالِقُ، الْقَابِضُ، الْبَاسِطُ، الرَّازِقُ، الْمُسَعِّرُ، وَإِنِّي لَأَرْجُو أَنْ أَلْقَى اللَّهَ، وَلَا يَطْلُبُنِي أَحَدٌ بِمَظْلَمَةٍ ظَلَمْتُهَا إِيَّاهُ فِي دَمٍ، وَلَا مَالٍ»
«Пайгамбар rдын заманында баа кымбаттады. Адамдар “Я Расулуллах, бааны белгилеп койгонуңузда эле”, – дешти. Ошондо ал киши: “Жаратуучу да, мол кылып берүүчү да, бербей туруучу да, ырыскы берүүчү да, баа белгилөөчү да Аллахтын Өзү. Мен Аллахка бирер адам мал туурасында да, жан туурасында да, ушул мага зулум кылган деп үстүмдөн арыз кылбаган абалда жолугууну үмүт кыламын», – деди.
Ислам мамлекетинде ар бир жаран баа белгилеген кишинин үстүнөн, ал аким жа халифа болушуна карабастан, “даттануулар мекемесине” арыздануу укугуна ээ. Мекеме даттанууну карап чыгып, анын талабын кандырууга милдеттүү.