Суроо-Жооп

376
0
epa03116033 Afghans shout slogans during a protest against the alleged 'Koran burning' by US troops, in Jalalabad, Afghanistan, 22 February 2012. Thousands of Afghans protested for the second day the 'burning of the Koran' by NATO-led troops, officials and eyewitnesses said. Protests erupted in different parts of Kabul city and also in the eastern city of Jalalabad and the western city of Herat, Afghan officials said. On 20 February, foreign troops 'improperly disposed' of Islamic religious materials, including copies of the Koran, at the Bagram air base, according to the NATO-led coalition. EPA/BAZ MUHMMAD ABID

Ассаламу алейкум рохматуллахи жана барокатуху!!!.

  АКШ    аскерий жактан канчалык күчтүү экендигине карабастан, эмне үчүн Талибан  кыймылын жеңе албай жатат. Же өз кызыкчылыгына пайдалануу үчүн атайылап Талибанга мүмкүнчүлүк берип жатабы?

Ва алайкум ассалам.

АКШ аскерий кубат жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Анын жылдык аскерий бюджети дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин аскерий бюджетинен көбүрөөк.

Ошого карабастан, НАТО жана башка ондогон мамлекеттер менен коалиция түзүп, Афганистанга бастырып кирип, Талибандан жеңилди. Аскерий тараптан алганда мындай болушу мүмкүн эмес эле. Бирок, Ислам үммөтүнүн көзгө көрүнбөгөн, кээде өзү да сезбей турган кубаты бар. Душман бастырып келгенде, диний негиздерге чабуул болуп жатканда жана куфр Исламга карата ачык душмандык кылганда бул кубат көрүнө баштайт. Бул кубат үммөт биригип, бир дене сыяктуу уюша баштаганда көрүнөт. Куфр дүйнөсү, үммөттүн ушул уюшуп кетүү кубатынан коркот. Ошондуктан, куфр системасы мусулмандарга чабуул кылуудан мурда – ушул нерсенин алдын алуу максатында – мусулмандарды айыптуу кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Мисалы, 11-сентябрь окуясын уюштурганы сыяктуу.

Демек, Афганистанда АКШ  башчылык кылган дүйнөлүк куфр коалициясы Талибан согушкерлеринен жеңилген жок. Тескерисинче, Талибан жана башка мужахиддерди “мазлумдар жана шаръий өкүмгө ылайык мекен коргоочулары” деп үммөт өз бооруна алгандыгы үчүн дүйнөлүк куфр системасы аларды жеңе албады! Т.а. Талибан же башка ар кандай исламий аскерий уюмдар, эгерде алар үммөттүн кубаты менен биригип кетишсе, шаръий өкүмгө ылайык ишке ашырып жаткан аракеттери менен албетте жеңишке жетишет! Үммөттүн шаръий өкүм айланасында биригиши өтө чоң кубат. Дүйнөлүк куфр системасы муну өтө жакшы түшүнөт жана үммөт өзүндөгү ушул кубатын түшүнүп калышынан катуу коркот! Ошондуктан, алар жеңилүүсүн “Талибандан же башка бирер уюмдан жеңилүү” деп ачык жарыя кылуу менен үммөттүн идеологиялык кубатын анын өзүнөн жана бүт дүйнөдөн жашырууга аракет кылышат. Үммөттү бириктирүүчү мабдаъий даъват жүргүзүп жаткан бардык саясий исламий кыймылдарды “экстремизм, терроризм” шылтоосу менен коомдон четтетүүгө аракет кылат! Себеби, үммөт бир гана исламий мабдаъ айланасында бириге алат. Антпесе, ал “исламий фикратты куфр тарыйкаттары менен коргоо аркылуу Исламды турмушка алып келемин” деп адашып жүрө берет! Учурда дүйнөлүк куфр системасы “салттуу жана муътадил (мээлүүн) ислам” деген атамалары менен ишке ашырып жаткан долбоору, дал ошол куфр менен исламдын шайкештигине чакыруучу багытта иш алып барууда. Алар үммөттү исламий фикраттын ибадатка негизделген бир бөлүгүн куфр тарыйкаты астында коргоп калууга чакырып жатышат. Бул нерсе, маселенин шаръий жана саясий тарабы!

Талибан же башка согушкер уюмдарды АКШ атайылап сактап, аларга мүмкүнчүлүк берип жаткандыгына келсек. Жогоруда айтылгандай, АКШ жана эл аралык саясат, исламий дүйнөлүк мабдаий аракеттер күчөп бара жатканынан тынчсызданууда. Ошондуктан, алар үммөттү исламий тарыйкатка байланып бара жаткан идеологиялык аракеттерден чалгытуу максатында, исламды турмушка кайтаруу тарыйкатын башка тарыйкаттарга буруп жиберүүнү көздөп жатат. Сирияда да кудум ушундай абал т.а. күрөш исламий мабдаий түшүнүктөргө каршы жүрүп жатканын жашыруу максатында, исламий согушкерлердин материалдык кубатын даңазалап жатышат. Бул аркылуу алар исламий идеологиялык кубатты жашырып, жеңишти аскерий кубатка берүү менен үммөттү мабдаъий ойгонуудан чалгытмакчы болушууда.

Демек, Талибан болобу, же башка исламий аскерий кыймылдар болобу айырмасыз, алар ишмердүүлүгүн шаръий өкүм жана тарыйкатка ылайык алып баруу менен гана ийгиликке жетише алышат. Алар артында үммөт турганы үчүн гана бар болуп турганын түшүнүп жетиши керек! Үммөт болсо бардык исламий кыймылдарга “исламий турмушту алып келүүгө салым кошуп жаткан жамаат” деген үмүттө  карайт! Ошондуктан, ар бир исламий жамаат, чектен чыкпай, өзүнө жүктөлгөн шаръий милдеттерди шаръий тарыйкатка ылайык ишке ашыруусу керек. Антпесе, алар да Сирияда калк тарабынан четке кагылган жана ошону менен кафирлерге да керексиз болуп калган таштанды жамааттар сыяктуу болуп калышы мүмкүн!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here