Жээнбеков “түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандар жазаланышын айтты
Кыргыз Республкасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 3-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда “түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлө тургандыгын билдирген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
О.э. ал кийинки кезде “Президент Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат” деген пикирди коомго сиңирүү аракеттери күчөп жатканын айтып өткөн.
Президент: “Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт”, – деди.
Жээнбеков эч качан элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөгөнүн да кошумчалаган.
Туркистон:
Эски режимдин калдыктары (үчүнчү күч), мамлекетте аймактар аралык, уруулар жана колунан келсе улуттар аралык жаңжал пайда кылуудан кайра тартышпайт. Учурда Атамбаев башында турган топтун күрөшү – жаңы бийлик баштаган коррупцияга каршы күрөштү токтотуп калууга каратылган! Алар “телефон террористи” жана ушул сыяктуу бир катар аракеттери менен калкты алаксытууга, трайбалисттик, уруулар жана улуттар аралык жаңжалды козутууга аракет кылышууда. Жаңы бийлик жана аны колдоп жаткан элитанын өкүлдөрү бул ыплас аракеттерди анык билип турушат. Демек, “үчүнчү күч” өкүлдөрү – эгерде маалыматтык чабуулу ийгиликтүү болуп чыкса – майданга бир гана ультиматум менен чыгышат. Т.а. “коррупцияга каршы күрөштү токтоткула” деген талапты коюшат.
“Үчүнчү күч” өкүлдөрү аймактар аралык жаңжал келтирип чыгарабыз деп коркутуу менен жаңы бийликти диний мухитке каршы багыттоого аракет кылышууда. Күзөтүп барабыз, эгерде бийлик диний мухитке каршы аракеттене баштаса, демек “үчүнчү күч” бийликке таасир өткөргөн болот. Демек, алар бири-бири менен келишип, мамлекетке миллиарддаган зыян жеткирген коррупционерлерге каршы күрөшүү аракетин токтотушат. Күрөштү токтотууга диний ““терроризм, экстремизм” коркунучу себеп болгондугун айтышат. Алар бул аркылуу калкты, коомчулукту өз кылмыштарынан алаксытмакчы болушат!