Эрдоган мамлекеттик сапар менен Ташкентке келди

308
0

Эрдоган мамлекеттик сапар менен Ташкентке келди

29-апрель күнү Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев менен жолугушуу үчүн Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган мамлекеттик сапар менен Ташкентке келди. Ал Мирзиёевдин чакыруусу менен 29-апрелден 1-майга чейин Өзбекстанда болот.

Расмий сапардын жүрүшүндө Ташкент шаарында көп тараптуу кызматташтыкты дагы да бекемдөө жолдору, эки тараптуу мамилелердин келечегин белгилөө жана өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Аймактык жана эл аралык мааниге ээ, өзгөчө глобалдуу жана регионалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулат.

Муну менен бирге, Эрдоган Өзбекстан парламентинин кошмо жыйынында сөз сүйлөйт. Президенттер Өзбекстан жана Түркиянын жетекчи банктары, компания жана фирмаларынын жетекчилери менен бирге кошмо бизнес форумуна да катышышат.

Өзбекстан – Түркия сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө президенттер эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү маселелерин камтыган бирдиктүү баянатка кол коюшат.

Визиттин аягында мамлекеттер аралык түрдүү тармактарга таандык олуттуу документтердин топтомуна, бир катар инвестициялы келишимдерге кол коюлат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here