1. Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху. Эгер бир тонна темир карызга алса кийин карыз берген адам талап кылбаса деле бир тоннадан ашыкча кылып кайтарса… ушул карызды жакшылап төлөп берүү болобу?
2. Мурунку суроо-жоопто карызды ашыкча да кем да кылбастан төлөп берилиши важиб деп айтылды. Эгер ашыкча кылынса риба бабына кирип калат делген. Бирок менде карызды жакшылап төлөп берүү деген жерде бүдөмүк пайда болуп калды. Эмне үчүн карыз алынган нерсенин дал өзүндөй нерсенин жакшыраагын кайра кайтарып берүү риба бабына кирбей калды? Пайгамбар с.а.в. карызга алган Бакр төөнүн (жаш төө) ордуна андан да жакшыраак төөнү кайтарып бергенин карызды жакшы өтөө этибарында болду. Ал эми бир тонна карыз алынган темирдин ордуна бир жарым тонна кылып кайтарып берилиши риба деп этибар кылынды. Анткени карызды кайтарууда ашыкча кылып кайтаруу шарий жактан жайиз эмес.
3. Суроо-жоопто карызды кайтарууда үстүнө кошуп бербестен кайтарылышы керек. Эгер үстүнө пайда кошулуп калса ал риба болот деп айтылды. Бул жерде кошуп берүү дегенде максат карыз берип жаткан адам карыздын үстүнө кошуп берүү шарты менен берүүсүбү же ал шарт кылбаса деле үстүнө кошуп берип жаткан пайда көздөлгөнбү?
Бул үч суроого ушул эле теманын өзүнөн жооп беребиз:
Уа алейкум ассалам уа рахматуллохи уа баракатуху.
Жооп:
Карызды жакшылап өтөө тууралуу келген Пайгамбар с.а.в. дын хадисиндеги маани. Ал карыз алынган нерсененин үстүнө, санына же салмагына же көлөмүнө кошуп берүү дегенди түшүндүрбөйт. Балким ошол эле сандагы же салмактагы же көлөмдөгү нерсенинин жакшыраагын карыз ээсине кайтарып берүүнү түшүндүрөт. Мисалы, бир адам 10-килограмм буудай карызга алса. Кийин карызды кайтарып берген учурда жакшыраак буудайдан 10-килограммды кайтарып берсе шарий жактан жайиз. Эгер он кала күрүч карызга алса. Кийин карызды берген учурда жакшыраак күрүчтөн он кала күрүчтү карыз ээсин кайтарып бериши жайиз. Эгер бир кой карызга алса. Кийин карызды төлөгөн учурда эки кой эмес жакшыраак бир койду карыз ээсине бериши шарий жактан жайиз. Мына ушул карызды жакшылап төлөөнү түшүндүрөт. Бул карызга берилген нерсенин санына же салмагына эч нерсе ашыкча кылбастан балким ошол карызга алынган нерсенин дал өзүндөй нерсенин жакшыраагын карыз ээсине кайтарып берүүнү түшүндүрөт.
Ушуга негизделип мурунку суроо-жоопто келген Пайгамбар с.а.в. дын хадисинин мааниси ушундай негизде түшүнүлөт.
Абу Роофиг р.а атты: “Пайгамбар с.а.в. бакр (жаш төө) төөнү карызга алды. Садакадан төөлөр келди. Пайгамбар с.а.в мени карыз алынган кишиге бакр төөсүн алып барып берүүмдү буйруду. Мен айттым, төөлөрдүн арасынан бакр төө тапкан жокмун бир гана жакшы төөнү гана таптым дедим. Пайгамбар с.а.в. айтты: ал төөнү ага алып барып бер, адамдардын жакшысы карызын жакшы төлөп бергени”. Абу Дауд риваяты.
Башкача айтканда Пайгамбар с.а.в. карыз алган адамына эң жакшы төөнү кайтарып берди. Анын санына кошкон жок бир төөнүн ордуна бир төө кайтарып берди. Бирок андан да жакшыраагын кайтарып берди.
Мына ушул маани мурунку суроо-жоопто берилген. Тактап айтканда, карыз алынган бир тонна темирдин ордуна бир жарым тонна темир кайтарып берүү риба бабына кирип калат. Балким бир тонна гана темир кайтарылып берилиши важиб.
Корутунду: Карызды жакшылап өтөө дегенде карыз алынган нерсенин санына же салмагына кошуп төлөөнү түшүндүрбөйт, балким ошол эле сандагы же салмактагы нерсенин жакшыраагын карыз ээсине берүүнү түшүндүрөт. Бирок ал карыз берген тараптан шарт кылынбастан карыз берүүчү тарап өз эрки менен карыз алынган нерсенин жакшыраагын берүүсү шарий жактан жайиз. Анткени Пайгамбар с.а.в. карыз ээси шарт кылбаган нерсени өз эрки менен андан да жакшыраагын карыз ээсине төлөп берди.
Ислам экономика түзүмү китебинде риба бабында төмөнкүдөй келген:
Ал эми карыз ушул алты түрлүү нерселерде жана мындан башка нерселерде да жайиз. Баардык ээ болунган мүлктөрдөн карызды чыгарып берүү жайиз. Риба качан гана карыз пайданы ээрчите келсе ошондо риба бабына түшөт. Харис бин Аби Салмата Али р.а. дан риваят кылат: “Пайгамбар с.а.в. пайда ээрчите келген карыздан тыйган”. Дагы бир риваятта “Пайда ээрчитип келген ар бир карыз риба” деп келет. Бул хадистердин өкүмүнөн санына же салмагына эч нерсени кошпостон карызды жакшылап өтөө тууралуу келген хадистин өкүмү истисна кылынып алынат. Абу Роофиг р.а айты: “Пайгамбар с.а.в. бакр (жаш төө) төөнү карызга алды. Садакадан төөлөр келди. Пайгамбар с.а.в мага карыз алынган кишиге бакр төөсүн алып барып берүүмдү буйруду. Мен төөлөрдүн арасынан бакр төө тапкан жокмун бир гана жакшы төөнү гана таптым дедим. Пайгамбар с.а.в. айтты: Ал төөнү ага алып барып бер адамдардын жакшысы карызын жакшы төлөп бергени”. Абу Дауд риваяты.
Белек, тартуу шариятта жайиз. Ошондуктан карыз берген тарап шарт койбосо ага белек катары карызына кошуп берип койсо болот делбейт. Карыз маселесине кошпостон өзүнчө белек кылып берсе гана болот. Ал эми карыз маселесине байланыштуу кылып белек катары карызга кошуп берүү жайиз эмес. Анткени бул жердеги кошумча карыз маселесине байланыштуу болуп жатат. Бул нерсе Харис бин Абу Салмата Али р.а. дан риваят кылган: “Пайгамбар с.а.в. пайда ээрчите келген карыздан тыйган”, дагы бир риваятта “Пайда ээрчитип келген ар бир карыз риба” деген хадистердин өкүмүнө түшүп калат.
Ошондой эле карыз алынган нерседен дал өзүндөй нерсенин жакшыраагын төлөп берүү карыз пайда алып келди делбейт. Анткени Пайгамбар с.а.в. аны карызды жакшы өтөө деп карады. Анын баяны жогорудагы хадисте айтылып өтүлдү. Ин шаа Аллах ушул жетиштүү деп ойлойм.
Бир тууганыңар Ато бин Халил абу Рушта 2018. 04. 21