Ватикан диндер аралык диалог долбоорун бекемдемекчи

327
0

Ватикан диндер аралык диалог долбоорун бекемдемекчи

“Робита” аттуу регионалдык уюму менен Ватикандын “диндер аралык диалог” кеңеши ортосунда келишимге кол коюлду. Протоколго ылайык, Ислам жана христиан дининин ортосунда жалпы максаттар тууралуу туруктуу кеңеш түзүлөт. Аталган протоколго “Робита” уюмунун башкы катчысынын Ватиканга болгон сапарынын артынан Ватикандын “диндер аралык диалог” кеңешинин жетекчиси Саудияга кылган визитинен кийин кол коюлду.

Тараптар ортосунда кол коюлган протоколдо айтылышынча, Мусулмандар менен насронийлер ортосундагы мамилелер дагы да жемиштүү болушу зарыл. Бул үчүн “Робита” жана Папа кеңеши ортосунда ылайыкташтыруучу кеңеш түзүлөт. Христиан дүйнөсүндө маанилүү рол аткаруу папа кеңешине, Ислам дүйнөсүндө маанилүү рол аткаруу “Робита” уюмунун мойнуна жүктөлгөн. Эки дин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлө турган кеңештер Италия борбору Римде жана “Робита” тарабынан белгиленген  шаарда болот.

Муну менен бирге ылайыкташтыруучу кеңеш тарабынан ишке ашырыла турган биринчи жолугушуу маалымат каражаттарына ачык болот. Жолугушуунун акырында бирдиктүү декларация жарыяланат.

Мындан мурун Ватикандын диндер аралык диалог боюнча жетекчиси Жан-Луи Тауран Саудия падышасы Салман бин Абдулазиз менен жолугушкан. Ошол эле учурда Саудия расмийлери жана xристиан дининин өкүлдөрү ортосунда бир катар жолугушуулар болуп өттү.

Саудия коомун өзгөртүү үчүн “мээлүн Ислам” долбооруна чакырып жаткан Шахзада Мухаммад бин Салман да өткөн айда Лондондо Англикан чиркөөсүнүн жетекчиси менен жолугушту. Жолугушууда ал улуттук реформанын бир бөлүгү катары диндер аралык диалогду алдыга жылдырууга убада берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here