G7 мамлекеттери IT-компаниялардан экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылды
G7 мамлекеттеринин коопсуздук министрлери ири технологиялык компаниялар жана социалдык медиадан өз платформалары аркылуу экстремизмдин кеңейишине каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Канада коопсуздук жана жарандарды коргоо министри Ральф Гудейл билдирди.
“Терроризм G7 мамлекеттери жана алардын калкынын коопсуздугуна негизги коркунуч боюнча калууда»,- деди ал. Министр заманбап дүйнө шарттарында мамлекет жана атайын кызматтар экстремизм жана терроризм коркунучтарына каршы бирдиктүү күрөшүү керектигин билдирди. Гудейлдин айтымында, Facebook, Twitter, Google жана Microsoft компанияларынын өкүлдөрү жолугушууга чакырылды. Жыйында алардын платформаларынан экстремисттер менен террорчулар пайдаланышын жокко чыгаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу сүйлөшүүлөр болду.
«Бул компаниялар экстремизмге каршы күрөштө дагы да агрессивдүү болушу керек”,- деди министр.
Анын ырасташынча, G7 мамлекеттеринин копсуздук министрлери жана IT-компаниялардын өкүлдөрү 2017-жылы Италияда өткөн саммитте бул маселелерди талкуулашкан.
“Белгилүү натыйжаларга жетишилген, бирок биз мындан-да жакшы натыйжага жетүүнү каалайбыз”,- деди Гудейл.
G7 мамлекеттери террорчу жана экстремисттер бул компаниялардын платформаларына кирүү менен экстремисттик материалдарды таркатып, өз ишмердүүлүн алып барып жатканын, алар бул мүмкүнчүлүктөрдү жокко чыгарууну каалай тургандыктарын билдиришти.