Түркмөндөр иш издеп Азербайжанга кетүүдө

372
0

Түркмөндөр иш издеп Азербайжанга кетүүдө

 Азербайжандын haqqin.az сайтынын кабарлашынча, Түркмөнстандагы экономикалык абалдын төмөндөшүнөн улам өлкөдө чет элдик валюталардын  курсу көтөрүлүп кеткен. Калктын көпчүлүк катмары жумушсуздуктан кыйналып, тиричилик кылуу үчүн Азербайжанга иш издеп агылууда. Бакунун деңиз вокзалында коңшу өлкөнүн эмгек мигранттарынын саны кескин өсүп кеткен.

Маалыматка ылайык, түркмөндөр өздөрү менен кошо ала келген алтын буюмдарын сатып, ордуна Азербайжандан азык-оокаттарды сатып алышууда.

«Ушул күндөрдө эл аралык бажыкана башкармалыгы тарабынан Баку деңиз портуна чоң өлчөмдөгү алтын буюмдардын өлкөгө мыйзамсыз алып кирилгени аныкталды. Алтын буюмдарды Түркмөнстан жарандары алып кирүүгө аракет кылышкан. Алардын жанынан үч жолу  декларациядан өтпөгөн 993 грамм өлчөмүндөгү алтын буюмдар алынган. Текшерүү иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат кабарда.

Кабарга ылайык, Түркмөнстандан Азербайжанга иш издеп келген аялдардын саны да күндөн күнгө артып жатат. Алардын көпчүлүгү кайырчылык менен алектенишет. Азербайжандын миграция кызматы алдындагы Жалпы элдик кеңештин жетекчиси Азер Аллахверанов, түркмөн жарандарынын Азербайжанга агылып жатканынын себебин мындай баалады:

«Акыркы бир нече жыл ичинде түркмөн мигранттарынын толкуну эселеп көбөйдү. Бул абалга Түркмөнстандагы экономикалык кырдаалдын начардыгы себеп болууда. Түркмөнстандыктар биздин өлкөгө алтын буюмдарын алып келип сатышууда. Ал каражатка азык-оокаттарды жана валюта сатып алышат. Натыйжада биздин өлкөгө жөнөкөй ишкерлер гана эмес, кылмышкерлер да келип, коомубузга тескери таасир өткөрүп жатат».

Ушуну да айтып өтүү зарыл, Түркмөнстан жарандары негизинен Түркия менен Орусияга иш издеп кетишет. Эми коңшу Азербайжан да түркмөндөрдүн үмүт отуна айланып калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here