Кытай өкмөтү мусулмандарга мажбур түрдө чочко этин жедирүүдө

384
0

Кытай өкмөтү мусулмандарга мажбур түрдө чочко этин жедирүүдө

Кытай коммунистик партиясынын мүчөлөрү ар бир айда 2 күндөн 5 күнгө чейин уйгур мусулмандарынын үйүндө жашай турган болду. Максат Чыгыш Түркистандык мусулман уйгурларынын өкмөткө карата берилгендигин текшерип, алардын иштерин көзөмөлгө алуу. Бул тууралуу “Херитаге” адам укуктарын коргоо уюму маалымдады. Мындан тышкары, Коммунисттик Кытай режими ар бир уйгур мусулманды атеисттик ишенимге мажбурлоо үчүн чочко этин жедирүүдө.

Кытайда адам укуктарынын бузулушу тууралуу өткөн жыйында, аталган уюмдун негиздөөчү президенти Боб Фу, калктын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн Чыгыш Туркистанда Кытай өкмөтүнүн басымы күчөп жатканын белгиледи.

“Коммунистик партиянын өкүлдөрү мусулман уйгурлардын өкмөткө карата  берилгендигин жана алардын иштерин көзөмөлгө алуу үчүн ар бир айда 2 күндөн 5 күнгө чейин уйгур үй-бүлөлөрүндө жашайт. “Исламий экстремизм” же “саясий оппозициялык” уюмдарга мүчөлүктө шектелген мусулмандар “саясий тарбия берүү борборлоруна” жиберилет”,- деди Фу.

Анын айтымында, ушул лагерлерге жиберилген мусулмандарга мажбур түрдө чочко эти жедирилет. А түгүл лагердеги мусулмандардын колдоруна атайын диктафон тагылып, аларга 24 саат коммунистик партиянын билдирүүлөрү  уктурулат. Учурда ал жердеги мусулмандардын көпчүлүгү акыл саламаттыгын жоготкон.

АКШ Мамлекеттик департаментинин Чыгыш Азия жана Тынч океан боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Лаура Стоне Кытайдын ар дайым уйгур түрктөрүнө кылып жаткан мамлекеттик зулумун түшүндүрдү. Анын айтымында, Шинжаң уйгур автоном облусунда он миңдеген мусулмандар камакка алынган. Бул тизме миллионго жетиши мүмкүн.

Ал “Саясий тарбия берүү борборунун” көзөмөлү менен ишке ашырылган массалык камакка алуулар адам укуктарын бузуу болуп эсептелерин белгилеп, Кытай өкмөтү менен мамиле түзүү аркылуу бул басымды азайтууга аракет кылып жатканын маалымдады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here