АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү артка жылдырды

267
0

АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү артка жылдырды

АКШ Орусияга карата жакынкы убакытта санкцияларды киргизүүнү пландаган жок. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Япония премьер министри менен болгон жолугушууда билдирүү жасады.

Анын айтымында, Орусияга санкция киргизүүгө азыр эрте. Муну менен бирге Америка өкмөтү санкцияларды киргизүүдөн баш тартпайт. Болгону Орусиянын өзүн кандай кармануусун күтүп турат.

15-апрелде БУУнун АКШдагы туруктуу өкүлү  Никки Хейли CBS телеканалына берген маегинде Орусияга Сирияны колдогондугу үчүн жаңы санкциялар киргизиле турганын билдирген. Ал санкциялар 16-апрелде расмий жарыяланмак.

Өткөн ишемби күнү АКШ Орусияны Чыгыш Гутада химиялык курал колдонууга катышкан деп айыптап, Франция жана Улуу Британия менен бирге Сирияга ракета аркылуу чабуул жасашкан. Анын натыйжасында үч киши жаракат алган. Орусия болсо Сирия өкмөтү химиялык курал колдонду деген айыпты четке кагууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here