Ташкентте КМШ мамлекеттеринин абадан коргонуу системасын өнүктүрүү маселеси талкууланат

305
0

Ташкентте КМШ мамлекеттеринин абадан коргонуу системасын өнүктүрүү маселеси талкууланат

Ташкентте КМШга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлер кеңеши шейшемби күнү абадан коргонуу системасын өнүктүрүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Орусия коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабар таркатты.

“КМШга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен абадан коргонуу системасын жакшыртуу жана өнүктүрүүнүн эң маанилүү жолу — бул тармакта аймактык биргелешкен түзүмдү түптөө, аскерий башкаруу органдарынын курамына кирүүчү күчтөрдүн өз ара кызматташуусу”,- деп билдирди министрлик.

Муну менен бирге координациялык башкармалык тарабынан ушул жылы согуштук даярдыктан өтүү боюнча бирдиктүү чаралар жана түрдүү аскерий техникалык кызматташтыктын башка маселелери да каралып чыгат.

Ташкентке Орусия, Казакстан, Армения, Тажикстан, Беларусия, Кыргызстан коргоо министрликтеринен делегациялар жана Орусия аскерий өнөр жай ишканаларынан да өкүлдөр келет.

Биргелешкен компьютер командалык-штабдык машыгуу “Аймактык коопсуздук – 2018” деп аталат. Анын максаты КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын жакшыртуу жана алардын куралдуу күчтөрүн күжүрмөн пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Тараптар муну менен бирге мамлекеттик радар аныктоо бирдиктүү системасын өнүктүрүү долбоору боюнча келишим түзөт.

 КМШга мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу системасы 1995-жылы 10- февралда 10 мамлекет тарабынан кол коюлган бүтүмдүн негизинде түзүлгөн. Бул уюмга башка мамлекеттердин кошулуусуна эшик ачылган. Бүгүнкү күндө ага Орусия, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстан мүчөлүк кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here