Өзбекстан менен Кыргызстан чегара кызматынын жетекчилери жолукту

345
0

Өзбекстан менен Кыргызстан чегара кызматынын жетекчилери жолукту

 Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Заркент айылында Кыргызстан Мамлекеттик чегара кызматынын жетекчиси полковник Уларбек Шаршеев менен Өзбекстан Мамлекеттик чегара кызматынын жетекчисинин орун басары генерал-майор Руслан Мирзаевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстан чегара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

 Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чегара кызматтарынын жетекчилери Кыргызстан-Өзбекстан чегара аймагындагы окуяны талкуулашты. Тараптардын пикиринде, Кыргызстан-Өзбекстан чегара мекемелери тарабынан буга чейин кабыл алынган протоколдун чечимдери толук аткарылбай жатат. Ошондуктан кыргыз-өзбек мамилесинин жаңы даражасын эске алуу менен бул кемчиликтер толтурулушу керек.

 Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки республиканын чегара делегациялары Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Мамай айылындагы окуя болгон жерге келишти. Ал жерде тараптар 7-апрель күнү болгон окуя менен жеринен таанышышты.

Кыргызстан чегара кызматынын жетекчилери 2018-жылдын башынан бери кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарада өзбек аскерлери экинчи жолу курал колдонгонуна этибар каратты. Чегара кызматчылары тарабынан курал колдонуу эң акыркы чара экенин, мамлекеттик чегараны бузуу абалы жүз бергенде, аскерлер тараптан курал колдонууга катуу тыюу салынганын кошумчалашты.

 7-апрелдеги окуяны иликтөө үчүн бирдиктүү жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Чыгыш багыты боюнча чегара өкүлдөрү, укук коргоо органдары, прокуратура жана кадастр кызматтарынын жетекчилери кирди.

 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар апрель айынын үчүнчү он күндүгүндө Кыргызстан-Өзбекстан чегара кызматынын өкүлдөрүнүн кеңейтилген форматтагы жыйынын өткөрүүгө келишишти. Анда чегарадагы кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланат.

 Андан соң Чегара мекемелеринин жетекчилери жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюшту. Анда чегара маселелери боюнча өкмөттөр аралык Келишимдерге толук моюн сунуу, аны ишке ашыруу, эки мамлекеттин чегара мекемелеринин жетекчилери тарабынан буга чейин жетишилген чечимдер менен келишимдерин аткаруу милдети бар.

Түркистон: 

Өзбекстанда көзбоёмочулук менен алып барылып жаткан реформалардын акыйкаты ачыла баштады. Мирзияев баштаган реформалары түпкүлүгүндө Каримов режиминин кубаты болгон жетекчи топтун өкүлдөрү тарабынан уюшулган абалда алып барылууда. Буга далил катары Инаятовдун УКМК жетекчилигинен алынышы менен сенаттан орун берилип, кол тийбестикке ээ болгонун айтууга болот. Буга кошумча, ушул күндөрдө Инаятовго президент тарабынан Өзбекстан боюнча балык иштеп чыгаруу тармагын көзөмөлдөө вазыйпасы тапшырылды. 2017-жылдын январь айында, Каримов режиминин таянычы болгон фигуралардын дагы бири Рустам Азимовго өлкөнүн тоок чарбасын көзөмөлгө алуу тапшырылды.Президенттин өзү ушул тармакты өнүктүрүү үчүн ар бир жаранга 100дөн тоок алууну буюрган эле. Демек режим өзүн өзү оңдоп, жаңы көрүнүш менен иш алып барууда!

Өзбек режиминин өкүлдөрү, миллиарддаган долларларды менчиктеп алышкан. Эми Мирзияев өлкөдө жетиштүү абройго ээ болуп алуу үчүн миллиондорду сарптап, миллиарддарды сактап калууну көздөп жатат. 45 күндө Жиззахтагы Кыргыз айылын таанып болбой турган даражада реконструкция кылып жиберүү сыяктуу иштер дал ушул миллиарддарды сактап калуу үчүн кылынууда. Мирзияевдин өлкө бойлоп кылган иштеринде бул сыяктуу дайынсыз жактан келген каражаттар көбөйүп барууда. Бул каражаттар эски режим өкүлдөрү тарабынан жаңы режимди колдо кармап калуу үчүн бөлүнүп жатат.

Муну менен катар жарандарга эркиндикке окшогон абалдар пайда кылынууда. Албетте бул көзөмөл астындагы эркиндиктер белгилүү бир чегара менен чектелген. Режим УКМК басымы астынан убактылуу Мирзияевдин админстрациясы астына өткөрүлө турган болду. Бул эркиндик, алгач эл аралык саясаттын көңүлүн тынчтандыруу үчүн керек. Бирок Батыш, Европадагы батышпарас оппозициячыл күчтөрдү өлкөгө кайтаруу менен реформаларды улантууну сунуштап жатат. Бул сунуштар Мирзияев режими үчүн өтө кооптуу болгондуктан, жетекчи топ бул жолго бара албайт. Ошондуктан Мирзияев кайрадан коопсуздук маселесин мурунку абалындай коркунучтуу кылып көрсөтүүгө мажбур болот. Бул иштерде Инаятов сыяктуу тажрыйбалуу жана таасирдүү адамдардын ролу чоң!

Мындан тышкары Мирзияев Кыргызстан жана башка коңшу өлкөлөр менен өз ара экономикалык, саясий мамилелерди ылдамдык менен күчөтүп барууда. Бирок чегаралардын чектен ашык ачылып кетиши коопсуздукка коркунуч жаратат. Ошондуктан эми Мирзияев реформаларын бираз басаңдатуу менен коопсуздук маселесин кайрадан күчөтүүгө киришет. Бул үчүн ал Каримовдун 16-февралда уюштурган окуя сыяктуу ыкмаларды да колдонушу мүмкүн. Кыргыз-Өзбек чегарасында кыргыз жаранынын атып өлтүрүлүшү да ушул коопсуздукту күчөтүү максатында болуп жатат. Бул коопсуздук боюнча эксперт Токон Мамытов айткандай “адамдык кокустук фактору” эмес…!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here