Кыргызстан Башкы прокурору “адам укуктарын бузганы үчүн” кызматтан алынды
Жогорку Кеңеш депутаттары баш прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун 105 депутат колдоп добуш берди, экөө каршы чыкты.
Эл өкүлдөрүнө Президенттик аппараттын башчысы Муххамедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Ал прокуратура өз милдетин так аткарбай калганын, адам укуктарын одоно бузганын айтып өттү.
Буга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана регламент комитети президенттин Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун 10-апрелде карап, көпчүлүк добуш менен колдогон. Ага чейин “Ата Мекен” жана “Республика – Ата Журт” фракциялары Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин “канааттандырарлык эмес” деп тапкан.
11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары камактагы оппозициячыл саясатчылардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда депутат Жанар Акаев кыматынан бошотулган башкы прокурор менен УКМК жетекчисин “саясий буюртмаларды” аткарганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып өттү.
“Саясий буйрук аткарсак, камалат экенбиз деп корко турган кылышыбыз керек. Азыр камалган саясатчылардын баары эле саясий мүнөздө соттолушту. Сиздер саясий бандиттик режим менен күрөшүп жатасыздар. Эми азыр жаңы президентке үмүт оту жанды, ыраазы болуп жатабыз. Керек болсо, ал киши адилетсиз камалгандарды мунапыс берип абактан чыгарып жиберсе дагы ыраазы болобуз. Ошондуктан биз жакынкы күндөрү жооптуу кызмат ордуна келчү адамдардын талапкерлигин карайбыз”, – деди Акаев.