АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода алакалар курчуду
Кытай өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда (БДСУ) АКШнын болот жана алюминийден иштетилген кытай продукциясына карата бир тараптуу чечимдерине нааразы экенин билдирди. Бул тууралуу Кытайдын соода министрлиги кабар таркатты.
АКШ бул аракетин өлкөдөгү “Соода –сатыкты кеңейтүү тууралуу” мыйзамдын 232-беренесине ылайык ишке ашырганын билдирүүдө. Бул берене “улуттук коопсуздук кызыкчылыгы үчүн” башка мамлекеттерге карата соода тосуктарын орнотуу мүмкүнчүлүгүн берет.
“Вашингтондун мындай катуу аракеттери бүткүл дүйнөдө кабыл кылынган көп тараптуу соода алакаларынын негиздерине тескери келет. Бул БДСУ эрежелерин бузганын жана АКШга жүктөлгөн соода тосуктарын азайтуу боюнча милдеттерине моюн сунбай жатканын көргөзөт. Кытайдын өз кызыкчылыктарын тең укуктуу түрдө коргоодон башка чарасы калбады”, – деп айтылат өкмөттүн расмий сайтындагы баянатта.
Шаршемби күнү Пекин Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна АКШнын 301-берене (1974-жылы соода-сатык туурасындагы мыйзамына) ылайык Кытай импортуна кошумча төлөмдөрдү киргизгени боюнча тийиштүү эл аралык уюмдарга расмий арыз менен кайрылган.
3-апрелде Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы соода алакалары келишпестиктин жаңы баскычына чыкты. Америка президенти Дональд Трамп админстрациясы кошумча 25 пайыздуу төлөмдөр киргизилген Кытай продукцияларынын тизмесин жарыялады. Буга жооп катары Кытай 25 пайыздуу төлөм кошулган Американын 106 түрдөгү товарынын тизмесин чыгарды. Мындай кырдаалдын уланышы АКШ тараптын Кытайдын товарларына карата мындан ары кошумча төлөмдөрдү киргизип же киргизбегенине түздөн-түз байланыштуу.