Кыргызстанда саясий элита экиге бөлүндү

313
0

Кыргызстанда саясий элита экиге бөлүндү

Кыргызстандын экс президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жетекчиси болуп шайланды. Бул тууралуу Евгения Бердникова партия курултайынын жыйынтыгында билдирди.

Анын айтымында, күн тартибине эки маселе коюлган: партиянын ишмердүүлүгү тууралуу отчёт жана партия жетекчисин шайлоо.

Курултайга 191 делегат чакырылып, 179у катышкан. Делегаттардын арасында Фарид Ниязов, Салайдин Авазов, Кушбак Тезекбаев, Музаффар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Дастан Бекешов, Иса Өмүркулов, Азамат Арапбаев, Албек Ибраимов, Икромжан Илмиянов сындуу саясатчылар да бар.

Партия курултайынан кийин болуп өткөн маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев өлкө президентин кошоматчылардан коргоо керектигин айтып өттү. Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш тууралуу болгону “чырайлуу сөздөрдү” айткан.

“Ага мындай чырайлуу сөздөрдү жазып беришкен. Коопсуздук кеңеши акылмандыктын борбору болушу керек. Сенин формада же формада эместигиңди текшериши керек эмес. Жээнбеков өз жолунун башында турат. Ага жардам берүү керек. Ар бир киши өз аймагына жооп бериши керек. Аны алдашканда жана ал мындай сөздөрдү окуганда, мен документтерди көрсөтүүгө мажбур болом”,- деди Атамбаев.

“Мен бир күн да кызмат кылбаган Темир Жумакадыровду ишке чакыргам. Мен 90-жылдардын башында ресторан ачып жатканда да алгач бул тармакта иштебегендерди жумушка алгам. Коопсуздук кеңеши иштечү. Азыр да ушундай болушу керек. Мындай сөздөрдү кошуу керек эмес. Мен президентке ишенем. Биз аны кошоматчылардан коргосок, ылайыктуу түрдө милдетин аткара алат. Эгер ал же башка бир киши кеңеш сураса, мен ага эмне кылуу керек экенин айтам. Китептерде жазылбаган билимдер бар. Кыйроого алып келе турган нерсени айтуу менин милдетим”,- деп кошумчалады экс президент.

Түркистон:  

Кыргызстандын башкаруу түзүмү коррупциялашкан система менен аралашып кетти. Алар бийликти өздөрүнүн кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу максатында пайдаланышат. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда келишпөөчүлүк да жеке кызыкчылык талашуу негизине курулуп барууда. Бул абал кудум 2014-жылдан кийинки Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы келишпөөчүлүктү, андан мурунку 2010-жылдагы убактылуу өмөттүн абалын эске салат.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы келишпөөчүлүк да, Атамбаев менен убактылуу өкмөттүн ортосунда келип чыккан келишпөөчүлүк сыяктуу жеке кызыкчылык талашуу артынан келип чыгууда. Бул кескиндик, алгач мансап талашуудан башталып, кийин бири-биринин кылмыштуу коррупциялык иштерин ачып жиберүү менен уланат.

Азыр Атамбаев бийликтен тышкарыда турган саясий жетекчи болуп турат. Учурдагы башкаруу түзүмүн, мафиялык башкаруу түзүмүнө окшотсо болот. Бирок Атамбаевдин мафия башчысынан айырмасы, өлкөнү мафия тобу менен эмес, өкмөт, ИИМ, сот, прокуратура жана Мамлекеттик коопсуздук кызматы аркылуу башкарып жатканында. Мамлекеттин бул тармактары учурдагы президентке дээрлик баш ийбейт. Жылдын башында президент бул тармакта кадрларды алмаштыруу иштерин баштап жиберди. Бул иштер Атамбаевдин кылмыштуу тобу үчүн күчтүү сокку болду.

Алдыдагы кырдаал: Атамбаев ишти КСДП партиясын тазалоодон баштайт. Жээнбеков өзү үчүн жаңы партия түзүп, КСДПдан айдалган саясатчылар ал жерде жетекчи орундарда болушат. Кыргыз элитасы экиге бөлүнүп, анын күчтүү жана көбүрөк бөлүгү Жээнбеков тарапта болушу күтүлөт. Кадрлар алмашып, ар бир тармакта реформа иштери күчөтүлөт. Күч органдарында да бөлүнүүлөр болуп, алардын көпчүлүгү жоопкерчиликке тартылышат.

Бул абалга Атамбаевчилер бир катар каршылыктарды көрсөтүүсүнүн натыйжасында, жашыруун документтер ортого чыга баштайт. Кыргызстанды Түндүк жана Түштүккө бөлүү аракети күчөтүлөт. Эки тарап тең калктын көңүлүн буруу үчүн маалымат күрөшүн күчөтүшөт. Атамбаев күрөштүн борбору кылып, конституцияга киргизилген парламенттик башкаруу системасына өтүшүбүз керек деген негизди белгилеп алат. Бул башкаруу системасына ылайык, мамлекетти премьер-министр башкарып калышы керек.

Эскерте кетсек,  бул күрөштө Ислам жана мусулмандар үчүн эч кандай пайда жок! Акаев менен Бакиевдин бийликтен куулушунун артынан кийинкилер келди. Бирок исламий чөйрөнүн бузулуп баратканы буга ачык мисал боло алат. Бул күрөш куфр системасы ичиндеги жетекчи топтун ортосундагы кызыкчылык талашуу күрөшү. Алар бири-бирине каршы күрөштө Исламда арам болгон бардык куфр куралдарын, тагыраагы, жалган айтуу, доомат артуу, бухтан толгон сөздөрдү пайдаланышат. Ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарын бул сыяктуу ыплас жана акыретибиз үчүн зыяндуу болгон күрөштөргө катышуудан сак болууга чакырабыз! Албетте, биз үстүбүздө болуп жаткан мындай жараяндарга кайдыгер карабайбыз! Анткени, алар талашып-тартышып жаткан кызыкчылыктар, түпкүлүгүндө үммөттүн кызыкчылыктары! Ошон үчүн ар бир ишибиз, саясий күрөш жана аракеттерибиз пикирий жетекчиликке негизделсин. Даъваттарыбыздын баары шариятка ылайык багытталсын. Тагыраагы, коомдогу Алла ыраазы боло турган Исламий чөйрөнү сактап калуу керек. Аны тебелемекчи болуп жаткан ар кандай куфр малайларынан коргоо зарыл. Алардын Исламга тескери келген пландарын жана мусулмандарды чалгытуу максатында алып барып жаткан иштерден үммөттү эскертүү керек. Мына ушул жол менен саясий исламий иш алып баруу аркылуу даъват кылышыбыз керек инша Аллах!!! 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here