АКШнын Инжирликти таштап кетүү ниети жок

355
0

АКШнын Инжирликти таштап кетүү ниети жок

АКШ Коргоо министрлиги (Пентагон) АКШ Инжирликтен чыгат деген кабарларды четке какты. АКШ Борбордук аба күчтөрү башкармалыгы расмий Твиттер баракчасы аркылуу берген баянытында, АКШ аскерий күчтөрү Түркиядагы аба базасынан да, Катардагы аба базасынан да чыгарылбай турганын маалымдады. Башкармалыктын ырасташынча, жогорудагы таркаган кабарлар негизсиз.

“АКШ Түркиядагы Инжирлик аба базасы менен Катардагы Ал-Удайд аба базасынан чыгып кетип аткандыгы тууралуу кабарлар чындыктан алыс. Жалпы коопсуздук көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызматташтыкта иштөө зарыл болуп турган бир учурда мындай зыяндуу кабарлар таркап жатат. Бул болсо аймактагы шериктерибиздин арасында ишенбөөчүлүк жана ажырымды күчөтүүгө кызмат кылат”,- деп айтылат АКШ Борбордук башкармалыгы тарабынан берилген баянатта.

АКШнын Катарда жайгашкан аба базасындагы күчтөрүн азайтканы тууралуу кабарлар чыккандан кийин Кошмо Штаттардын Инжирлик аба базасынан куралдуу күчтөрүн алып чыгып жатканы тууралуу да маалыматтар таркай баштаган. Натыйжала АКШ күчтөрү бул эки базадан чыгып кетиши тууралуу бир нече маалыматтар ортого чыккан.

Пентагон болсо АКШнын ИШИМге каршы күрөш операцияларын азайтып, Афганстандагы Талибанга каршы операцияларын ылдамдатуу үчүн айрым куралдуу күчтөрүн Афганстанга жиберип жатканын маалымдады.

Түркистон:

Суук согуш аяктаган соң НАТОнун түштүк канаты мурунку стратегиялык маанилүүлүгүн жоготкон. Бирок, Жакынкы Чыгышта Ислам үммөтүнүн ойгонуп башташынын артынан жүзөгө келген өзгөрүүлөр Түркиядагы Инжирлик аба базасынын сакталып калышын шарттады. Бул аба база каапыр батыш мамлекеттери үчүн, айрыкча, Америка үчүн стратегиялык маанисин сактап калды. Исламий өлкөлөрдөгү жетекчилердин колу менен Батышка тапшырылган бул база Ислам дүйнөсүнө каршы иштетилди. АКШнын Ирак, Афганстан жана Сириядагы миңдеген мусулмандарды кыргын кылуусуна шарт жаратты.

Инжирлик аба базасынан чыгуу маселеси АКШ үчүн өлүм-өмүр маселеси. Анткени, Инжирлик аба базасы абдан көп тараптан, айрыкча географиялык жайгашуу жагынан маанилүү. АКШнын Жакынкы Чыгышта алып барып жаткан аскерий ишмердүүлүгүндө каражат жагынан да, убакыттан утууда да абдан маанилүү. Маселен, Сирия калкын кыргын кылууда АКШ учактары Америкадан учуп келген жок. Тескерисинче, Сириянын жанынан, тагыраагы, Эрдоган өкмөтү кош колдоп тапшырып берген жана араб өлкөлөрү күйүүчү май менен камсыздап турган Инжирлик аба базасынан учуп келүүдө. Бул учактар болсо мусулмандардын үстүнө алаамат жаадырууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here