Астанада кайрадан Сирия маселеси талкууланды

224
0

Астанада кайрадан Сирия маселеси талкууланды

Казакстан борбору Астана шаарында Сирия маселеси боюнча 16-мартта жолугушуу болуп өттү. Жыйынга Түркия тышкы иштер министри Мелют Чавушоглу, Иран тышкы иштер министри Жавад Зариф жана Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдор келишкен.

Казакстан тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, ушул күнгө чейин Астанада сегиз жолу жолугушуу болуп өткөнүн жана бул жараян Сирияда тынчтык орнотууга чоң салым кошконун айтып өттү. (Бирок, Сириядагы абал Абдурахмоновдун баянатынын тескерисин көрсөтүүдө. Анткени, Астана жолугушуусунда Сирияда “Коопсуз аймак” түзүү үстүндө келишим түзүлгөн. Бул коопсуздукту камсыздоо Түркия, Иран жана Орусиянын кепилдигине алынган. Учурда Орусия күчтөрү тарабынан Чыгыш Гутада жүздөгөн тынч жарандар кыргын кылынууда. Алардын ичинде аялдар менен жаш балдар да бомбаларынан аман калбай жатат. Мына ушул кыргынга учурап жаткан Чыгыш Гута да “Коопсуз аймакка” кирет. Бул жерде акыркы чабуулдардан эле 61 жайкын тургун курман болгон. Туркистон).

Абдрахмановдун айтымында, жолугушууда Түркия, Орусия жана Иран тышкы иштер министрлери бир жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын жана алдыда кылына турган иштер тууралуу талкуулашат.

Астана жараяны БУУнун көзөмөлү астындагы Женева конференцияларына өз салымын кошконун билдирген Абдрахманов, Сириянын айрым аймактарында чыңалуу күчөп жатканын айтып өттү. Ал о.э Орусияны АКШ менен конструктивдүү мамиле түзүүгө чакырды.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Астана жараяны Сирия кризисин жөнгө салууда олуттуу салым кошконун билдирип, “коопсуз аймакты” түзүү, миналардан тазалоо жана камактагыларды бошотуу, а түгүл, гуманитардык жардамдар менен камсыздоо ушул чөйрөдө ишке ашырылышын айтып өттү. Лавров АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөр, аты кандай болушуна карабастан, террордук топтор менен катуу күрөш баштаганын белгилеп, Кремл бул маселеде Ак үй менен тез-тез талкуу алып барып жатканын билдирди. Лавровдун айтымында, Сириядагы мутадил оппозиция менен террорчулардын (демократиялык башкарууга ыраазы болбой турган мусулмандардын) ортосу ажыратылышы шарт.

Лавровдун билдирүүсүнөн кийин үч өлкөнүн башкы дипломаттары жабык эшик артында сүйлөшүүнү баштады. Кабарчылардын кирүүсүнө уруксат берилбеген жыйында жашыруун кандай келишимдер түзүлгөнү азырынча белгисиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here