Тартып алынган мүлк тууралуу
Асаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху.
Суроо: Урматту шейх, маалым болгондой Палестина жеринин баары жөөт тарабынан тартылып алынган жерлер. Бул жерлерде көптөгөн жер тилкелери, кыймылсыз мүлктөр тартылып алынган. Анын анык ээлери белгисиз. Бул жерлердин кээ бирлерин (Израил) жеке менчикке же оранизацияларга берип койгон. Мен Палестинада жашайм мага (соода ордун) ижарга алуу сунушу болду. Ал жерге жөөт ээлик кылат ал аны тартып алган жер болуп саналат. Бул жердин ээси белгисиз. (Ал качкын же мигрант болуп кеткен). Бул кыймылсыз мүлктү ижарага алуу мүмкүнбү? Эгер жердин анык ээси белгисиз болсо шарий өкүмү кандай болот? Же ага тартылып алынган мүлк өкүмү колдонулуп аны сатууга да, сатып алууга да, ижарга берүүгө да болбойбу?
Жооп:
Уурдалган же тартылып алынган мүлк ээси табылары менен ага кайтарылат. Самурата р.а. айтат: Пайгамбар с.а.в. айтты: “Эгер бир адамдын буюму уурдалса же жоготсо аны бир кишинин колунан таап алса, ал аны кайтарып алганга акылуу. Сатып алган саткандан акчасын кайтарып алат.” (Ахмад риваяты). Бул наста айтылгандай, уурдалган мүлк ээсине кайтарылат. Пайгамбар с.а.в. айтат: “Алган кол кайтарып берүүсү ваажиб” (Тирмизи риваяты, муну хасан хадис деген). Бул тартып алынган мүлк тууралуу болду.
Мына ушундайча кимде ким жерди тартып алса, ал арам ишти кылып чоң күнөөгө кириптер болот. Пайгамбар с.а.в. айтат: “Кимде ким бир сөөмчөлүк жерге зулум кылса, ал жети кабат жер менен оролтулат.” Тактап айтканда, кайсы бир жерге көп же аз болобу айырмасыз, тартып алып зулумдук кылса күнөө кылган болот. Бул күнөөсүнө жараша кыяматта жаза алат. Дүйнөдө таъзиир жазасын алат жана тартып алган нерсесин кайтарып берет. Эгер тартып алган нерсесин жок кылып же өзгөртүп жиберсе, маселен, тартып алган кездемени көйнөк кылып тигип салса, же тартып алган кенди эритип иштетип салса, же тартып алган малын союп салса анда тартып алуучу анын баасында ээсине төлөп берет.
Ушуга негизделип эгер мүлктүн уурдалганын же тартып алынгандыгын билсеңиз, аны сатып алууга да ижарага да алууга болбойт. Эгер күмөн жаралып калса да аны сатып алууга болбойт. Хасан бин Али р.а айтат: Пайгамбар с.а.в. айтты. “Сени күмөнгө салган нерсени таштап, сени күмөнгө салбаган нерсеге өт” (Тирмизи риваяты, бул хадисти хасан сахих деген).
Ошондуктан, эгер сиз тартып алынган мүлк экендигин анык билсеңиз анын анык ээсин билүүнүн айырмасы жок. Аны ижарага алууга болбойт. Анткени, тартып алган адам ал мүлккө ээлик кылууга укугу жок. Анын сиз менен келишим-акд түзүүгө да укугу жок.
Аллах сизди бул ижарадан сактасын. Башка жерди ижарага алууну издештириңиз. Аллах сиздин дин үчүн жана дүйнө үчүн кылган иштериңизге береке берсин.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта 08. 03. 2018