Жээнбеков Назарбаев менен жолукту
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков 15-мартта Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту.
Назарбаев Кыргызстан жетекчиси менен сүйлөшүп жатып, Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу көптөгөн иштерди жүзөгө ашырууга жол ачаарына үмүт кылаарын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө инфраструктура, логистика жана соода маселелерин талкуулоо пландаштырылган.
Өз кезегинде Жээнбеков Казакстан президентинин чакыруусуна жана чын дилден кабыл алуусуна ыраазылыгын билдирди. “Биз чөлкөм үчүн болгон коркунучтар, капиталдын агымдары, инвестиция, миграция сыяктуу темаларды талкууга алышыбыз керек. Бардык маселелерди талкуулоо үчүн шарттар жаратылган”,- деди Жээнбеков.
Жээнбеков Борбор Азия лидерлеринин саммитин тарыхый окуя деп баалады. О.э мындай жолугушууларды улантуу керектигин билдирди. “Эки тараптуу алакаларды бекемдөөгө шарттар жаратылды”,- деди Жээнбеков.