Даъват жүгүн көтөрүп чыккан бурадарыбыз көз жумду
Кыргызстанда Хизб ут-Тахрир менен бирге даъват жүгүн мойнуна көтөрүп, узак жылдар бою бул жолдо тынымсыз иш алып барып келген бурадарыбыз Журабаев Ганижан агабыз көпкө созулган кеселдиктен улам 14-март күнү көз жумганын терең кайгыруу менен кабарлайбыз.
Ганижан агабыз 1952-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда туулган. Ал Хизб ут-Тахрир Кыргызстанда алгачкы ишмердүүлүгүн баштаганда эле анын сабына кошулду жана Пайгамбарыбыздын жолунда Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн заалымдын зулумуна карабай кайраттуулук менен иш алып барды.
Ганижан агабыз акыркы жылдары инсульт оорусуна чалдыкканына карабай, өмүрүнүн соңку күнүнө чейин даъват алып барып, айылдаштарын жана бардык мусулмандарды изгилик жолго, акыйкатка даъват кылып келди.
Биз Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү Аллах Тааладан Ганижан агабызды Өзүнүн кең рахматына алышын, Бейиште пайгамбарлар жана сыддыктар менен бирге кылышын сурайбыз.
Бурадарыбыздын аркасында калган үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең таъзиябызды билдиребиз. Аллах Тааладан аларга көркөм сабыр беришин сурайбыз.
Даъват жүгүн көтөрүүдө бир сапта болгон бурадарыбыздын көз жумушу бизди ачуу кайгыга салган болсо да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздү айтуу менен гана чектелебиз:
إنا لله وإنا إليه راجعون
“Албетте биз Алланын пенделерибиз жана албетте Ага гана кайтабыз” [Бакара 156]
Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү