ЕБ Орусияга каршы санкциялардын мөөнөтүн узартты
“Sputnik” агенттигинин кабарлашынча, Евро Биримдиги Орусия менен Украина жарандарынан турган 150 адамга жана 38 уюмга карата санкцияларды 15-сентябрга чейин узартты. Бул тууралуу ЕБнын маалымат бөлүмүндө айтылды. Евро Биримдигинин пикиринде, бул санкциялар “Украинанын бүтүндүгүнө коркунуч туудурган” адамдар менен уюмдарга карата киргизилген.
Санкциялар алардын активдерин тоңдуруу жана ЕБга кирүүлөрүн чектейт. Документке ылайык, ЕБ абалды кайрадан үйрөнүп чыккандан кийин санкциялык режимди өзгөртпөө чечимине келген.
Буга чейин Евро Биримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Федерика Могерини, “ЕБнын Орусияга карата саясаты өзгөрүшү үчүн Москва Минск келишимдерин толук сактап, Крымды мыйзамсыз аннексиялоону токтотушу керек”тиги тууралуу баянат жасаган.
Дипломаттын айтымында, айрым европалык саясатчылардын Крымга болгон сапары ЕБнын позициясын толук чагылдырбайт.
Март айында орусиялыктарга каршы санкцияларды АКШ да узарткан. Москва ушуга чейин бир нече жолу Украинада жаңжалдардын чыгышынын тарапкери эместигин расмий түрдө билдирсе дагы, Евро Биримдиги менен АКШ Орусияга каршы санкцияларды улантууда.