Шри-Ланкада мусулмандар коркунучта жашап жатат

369
0

Шри-Ланкада мусулмандар коркунучта жашап жатат

Шри-Ланканын Канди аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаал жана коменданттык саатка карабай, буддистердин мусулман азчылыгына карата зулумдугу уланууда. Мусулмандар Шри-Ланка өкмөтү зулумдукту токтотууга өз учурунда  чара көрбөгөндүгү үчүн нааразылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу “Голос Ислама” сайты маалымат таркатты.

“Мен коркуу астында жашап, түнкүсүн уктай албай жатам. Үй-бүлөбүздөгү эркектер бизди коргоо үчүн көчөгө чыгышты. Биз болсо үйдө калдык. Полиция бизди коргобой жатат. Алар көбүрөөк кол салуулар болушун күтүп турушат. Мындан ары эмне болушун билбейбиз”,- деди “Аль жазирага” интервью берип жатып 25 жаштагы Канди тургуну Фатима Ризка.

Бейшемби күнү полиция жана аскерлерди эсепке албаганда Кандинин көптөгөн шаарлары бош болчу.

Фатима Ризка интервью берип жатып, “Кандиде буддистер жума күнү мусулман эркектер чогулуп намаз окуп жаткан убакта кол салууну пландаштырганы айтылууда. Мусулмандар жамааты эркектер намаз окуп жатканда үйдө калган аялдар менен балдардын коопсуздугун коргошу керек”,- деп билдирди.

Акыркы кагылышуу жекшемби күнү болуп, Канди аймагынын Теледенения шаарында жол кырсыгынан улам сингал буддистеринин бир кишиси. Кийинки күнү жуздөгөн сингал буддисттери жыйналып, ондогон мусулмандардын имараттарына, үйлөрүнө, мечиттерге чабуул кылышкан. Көптөгөн мекемелер өрттөлгөн.

Зомбулук аракеттер башталгандан бери күч органдары кол салууну уюштурган адамдарды кармаган эмес. Мусулмандар болсо өкмөт тарабынан корголбой жаткандыктан, коркунучта жашап жаткандыктарын билдиришүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here