Путин АКШ эмне үчүн Орусияга санкция киргизип жатканын айтты
Американын санкциялары АКШдагы президенттик шайлоолорго, тагыраагы, “ойлоп табылган аралашуулар” менен байланыштуу эмес. Балким, Орусиянын өнүгүүсүн токтотууга урунуудан келип чыгууда, деди Путин NBC телеканалынын жетекчиси Мегин Келлиге берген интервьюсунда. Бул тууралуу РИА Новости кабар таркатты.
“Санкциялар Орусия тараптын АКШдагы шайлоолорго, тагыраагы, ойлоп табылган аралашуулар менен эч кандай байланышы жок. Санкциялар анык түрдө Орусиянын өнүгүүсүн токтотууга, Орусияны кармап турууга байланыштуу”,- деди Путин.
Ал Орусияны кармап туруу саясаты мезгил-мезгили менен он жылдан бери уланып келгенин билдирди. Путиндин айтымында, мындай кырдаал эки мамлекеттин мамилесине эле эмес, балким Американын бизнес чөйрөсүнө да зыян жеткирет.
“Сиз менен Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда бирге болгонбуз. Бизнес өкүлдөрүнүн эң чоң делегациясы АКШдан келген эле. Алар биз менен иштешүүнү каалашууда. Бирок, Орусияны кармап туруу саясаты аларга иштөө мүмкүнчүлүгүн бербей жатат”,- деп кошумчалады Путин.
Февраль айынын башында АКШ Улуттук разведкасынын жетекчиси Дэниел Коутс Вашингтон Москвага каршы жаңы санкциялар пакетин макулдаганын билдирген. Анын айтымында, АКШ Каржы министрлиги ушул аптада кезектеги каржылык чектөөлөр тизмесин жарыялашы мүмкүн.